Самара Каримова Асылкечим

Жүктөлгөн: 18-01-2017
03:39
55.24 Мб
Самара Каримова "Асылкечим"
Сөзү : Р.Шакированыкы
Обону : М.Токтосуновдуку
Асылкечим, сен жөнүндө жазам дастан,
Сүйүүнүн тушоосунан чыга албастан.
Өмүр да өтүп кетет максат менен,
Уккан сөз, ушак сөзгө айланбастан.

Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.

Сүйүү кулу, акын Мидин айткандай,
Жетпесем да, жеңиши жок убарам.
Жүрөт белем карааныңа жалынып,
Менде болсо жүрөктөгү бурамаң.

Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.

А мен болсо кала бердим ошол бойдон,
Сени деп каректерим көз жаш болгон.
Аягында үмүт менен күтөм сени,
Арманым, ай, ак жүрөгүм муңга толгон.

Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.
Комментарийлер (12)
tuigan.
2017-01-18 17:47:26
Клиптеги Акмаанай деген кыз чыныгы жашоодо дагы Сагындын девушкасы болуш керек.Инстаграммда Акмашым деп самаралар эркелете беришет го
0
rma-akkuu
2017-01-19 00:25:59
Ошол кыз жакты да мага
0
farida.kg.1991
2017-01-20 10:27:49
ырлары жакшы клиптери да маанилүү чыныгы кыргыздын ырчысы.
+1
Kalmurzaev8900
2017-01-21 00:23:30
Клиптеги кыз мынча сулуу
0
manas93kg
2017-01-21 13:38:21
Мен бул кызды кичинекейинен тааныйм Акмаанай аты ошто востокто магазинде иштегенимде дайыма инисин эрчитип журо берчу жонокой жакшы кыз
0
manas93kg
2017-01-21 15:18:31
Суйом го Акмаанай ды
0
dinar.meilibaeva
2017-01-22 12:48:40
аааассыыыыл кечииим аааасыыыл кечииим, кайрып берчи маахабатымды...... кандай соонун э?!.
0
nazel
2017-01-22 20:32:22
Асылкечим соонун ырдаган,Самара озу да татынакай жагат.
+1
KAPAGAT
2017-01-23 14:19:34
Ыры да клип да сонун) кыз клиптин коркун ачыптыр
0
miralihan
2017-01-29 03:35:33
эстен кеткис эски ырлар !!!
0
Мэри
2017-02-03 16:09:22
Жакшы ыр, жакшы аткарылган, клип да жакты. Ырчынын формасы сооонун экен, көлбү же деңизби, ал да укмуш экен...
Азамат!!!
0
Мэри
2017-02-09 22:39:59
Жакты. Табияттын кооздугу, көркөмдүгү адамдардын сулуулугу,чыгарманын мазмуну, обону - баары айкалышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан