Сур булутту аралап
Ажал канаттарын какты
Буйрук саатын өзгөртпөй
Кайтчу пенделерин тапты
Адамдар уктап жатса
Асмандан учак кулады
Кырк түтүндү бир сүрүп
Жерди жексен кыла салды
Тагдырлар талкаланып
Тирүүлөрдүн жашы акты
Кырк чыракты очүрүп
Элим кайгысына батты
Кекиртекке тыгылып
Демим денени туйлатты
Жашым көздөн чыга албай
Жарып жүрөктү сыздатты
Сур булутту аралап
Пенделер көккө узады
Наристелер бейиштен
Түш көргөн бойдон кайтпады
Не кылалы бул буйрук
Кайрат кылгын алтын элим
Тең кайгыны бөлүштүк
Мындан артык эмне дейин
Аман калган Жакшылык
Бул Кудайдын белгисиби
Сага мага окшогон
Тирүүлөргө эскерттиби
Бизди күткөн убакыт
Бир заматта үзүлөбү
Өмүрүбүз кыйылып
Ичкен суубуз түгөнөбү
Түбөлүктүү эч нерсе
Бул дүйнөдө таба албайбыз
Анда неге умтулуп
Жакшылыкты кыла албайбыз
Комментарийлер (13)
Janar1109
2017-02-16 15:14:35
жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
Milana.
2017-02-16 17:36:47
Жаткан жери жайлуу болсун... дагы бир жолу ыйлап алдым эх элим аман болгулачыы бизге да жакшы кундор келет тентип мусапыр болбой жашаган кундор келет кыйынчылыктын артында жакшы кундор бар....
0
aqua-94mema
2017-02-17 03:50:08
Ушунча да маанилуу ыр болобу?
+1
Timati1984
2017-02-17 04:27:21
Эн соонун ыр,Тата Улан ырларыныз жагат,тез тез жаны ырлардан жазып бизге тартууланыз.Чыгармачылык ийгилик сизге.Ырларыныз дайыма мазмундуу жана чындыкты камтыйт.
0
bolot_kurshab
2017-02-17 14:00:53
Сөздөрү өтө маанилүү экен, ийгилик мындан ары
+1
jika1984
2017-02-17 16:16:38
Эх сонун ыр ыйлатта турган ыр болуптур
+1
HHFRU
2017-02-17 19:21:12
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Жакындарына кайрат, куч-кубат тилейм.
0
Manasov.Aibek
2017-02-19 18:26:27
Ыйлата турган клип болуптур
0
damir85
2017-02-21 02:55:54
Эн соонун журоктон чыкан ыр болуптур
Тата Улан байке сиздей азаматтар чыга берсин Кыргызымда
0
indira.m
2017-03-01 05:12:22
Сонун!Кочуруп алдым!
0
erkekyz22
2017-03-09 01:33:29
Создору ото маанилууу экен. Шейит кеткендердин бейишин берсин Аллахым (((
0
Okean91
2017-03-09 08:48:28
Маанилуу ыр экен азаматсыз...Кудайым кыргыз элимди жамандыктардан сактасын жалпы эле дуйнодо тынчтык болсун
0
AbDiNaZaR.kg
2018-11-19 22:12:33
Улан Байке емне ыр жазбай койдунуз?
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.