Нурлан Насип, Самара Каримова Бололу бирге

Жүктөлгөн: 26-03-2017
04:18
64.97 Мб
Жанр: Поп
Нурлан Насип , Самара Каримова "Бололу бирге"
Ай сулуу аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай...
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай...
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
Комментарийлер (61)
Omur
2017-04-05 20:19:10
Азаматсынар сонун!супер!аябай жакты мага.Экоонор тен талантуусунар,Баалайбыз.
+1
aminkaerke
2017-04-06 16:14:27
Самаранын клиптеги образына лицосу уну вообще дал келбей калган.
+1
Aseinbek
2017-04-06 22:27:52
1:35 минутадагы катачылыкты байкадынарбы
+1
Firdaus-Muslim
2017-04-11 20:48:10
Жакшы ырдашыптыр, Өзбекчесида Казакчасыда Кыргызчасыда мага жакты. Ийгилик!
+1
Talantbek
2017-04-13 17:23:10
мен да ошону байкадым, 01:35 Самара Нурландын арткы жагында эшиктин ичинде туратко, корунуп калыптыр
+1
admin_media
2017-04-14 17:35:02
Кыпчак,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! күн БАНга!
+1
Krai
2017-04-15 22:57:00
Бул ыр теги каяктан экен казактардыкыбы же озбектердикиби
+1
kgbekish
2017-04-16 11:19:11
nurlan baike samara jakshy yrdy ugup ayabai tolkundandym
+1
aiperi0412
2017-04-20 09:26:44
Аябай сонун сырдашкан.Самара ырдын коркун ачыптыр
+1
hanisa
2017-04-21 20:41:55
Самара ото эле кары корунуп калыптыр
+1
Nur4a_96
2017-04-28 23:14:39
Молодец компьютерден жасалган эмес ыр ырдаш оңой деп ойлошот кээ бирлери андай эмес студияга барып голос жаздырат билип алгыла голос жаздырыш оңой эмес 15000миң болот
+1
Ashka
2017-04-29 12:03:06
Сонун биздикилердики.
+1
aragorn11
2017-06-07 19:12:17
Ыр жакшы абдан!!! Бирок Самаранын уну менен бети абдан жасалыптыр!!! Жакпады
+1
Asem89
2017-08-05 04:21:44
Ыр жакшы экен,жакшы ырдашыптыр.Клипте Самара женил макияж жасатса болмок,жаш кыздын образына ылайык. Анан обручалкасын чече турса болмок,бул ото чон ката деп ойлойм.
+1
Zaki.79
2017-08-26 05:41:48
Абдан жакшы ырдашкан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан