Досту таптым сыйды билип, ийилген,
Душман таптым дос терисин кийинген.
Айырмасын аңдап билип алардын,
Аста кадам жасап калдым кийин мен.
Достун досу сыноолордо билинген.
Жакшылыкта жандап баары көп жүрдү,
Жасалмасы далай көңүл чөктүрдү.
Кээ бирлери кыйын күндө табалып,
Кемчилигим чукуй берип, өстүрдү.
Достор менен көрдүм түркүн мезгилди.
Чыйыр жолу болор менин бактымдын,
Чын достордун ак жүрөгүн жактырдым.
Ичи көңдөй, пейили тар, жасалма,
Жаман досту жаратканга тапшырдым,
Жасалмасын жаратканга тапшырдым.
Кас досторду көңүлүмдөн жат кылдым.
Комментарийлер (11)
Muzik
2017-04-05 12:46:27
Ушул клипти кутуп журдум эле,азаматсыздар.
-1
Nur0701
2017-04-05 19:44:53
Азаматсыз байке
-1
akzuura
2017-04-06 07:59:12
Азаматсын байке ийгилигибиз!
-1
bakulya2015
2017-04-07 18:56:07
Картинадагы саптарды эле ыр кылып алыптырго э
-1
Muzik
2017-04-10 17:43:15
bakulya2015, Каякта илинип турат ошол картина? Картинадагы сапты деле бироо жазат да акыры,автору болот,ар нерсенин озунун ээси болот дегендей.
MYRZAA, Чалынып,илинип,кынылдап журуп тарыхта калат ушул киши коросуз,а сиз озум эмне кылдым деп ойлонуп кордунуз беле?Бул кишинин ырларын канчалаган биздин,казактын,дагы башка улуттун ырчылары ырдап журушот.
+1
Azatbek83
2017-04-10 20:34:02
Молодец
-1
umar.88
2017-04-11 01:20:40
MYRZAA, ХХХХ ХХХ Бул ырчынын ырлары одноразовый ырлардан эмес,туболуктуу ырлардан.Бекеринер аттуу- баштуу ырчылар ырдап журот дейсинби Октомдун ырларын.Азаматсыз Октом.
-1
admin_media
2017-04-11 13:25:47
umar.88, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
Aijamal0405
2017-06-17 17:42:36
Алга ийгилик
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.