Кетким келип турат бул азаптардан,
Күчүм жетпейт мен учууга талпынсам.
Айласыздан жүрөк жипсиз байланган,
Күттүрбөчү, келчи, куткар кайгыдан.
Кайырма:
Жүрөк толо арман, кайгыга салган,
Жүзүң бир көрсөм арылам азаптан.
Мени аяп кой, сен жанымда бол,
Жүрөгүмдөсүң, кетсең да тоготпой.
Кучагыма кыссам болом армансыз,
Болбосунчу биздин арабыз алыс.
Жалгыздыкта санаа тартып жашаймын,
Сен арначы, айтчы, сүйүү ырларын...
Кайырма:
Эркеси, ээси жүрөктүн,
Өзүңсүз канча күн өттү,
Ээледиң, эзип жүрөктү
Жүрөктү...
Кайырма:
Комментарийлер (23)
Polumna
2017-04-12 00:09:18
Аябай жакшы, профессионалдуу тартылган.
0
kyrgyz_jigitsh
2017-04-12 09:58:40
Клип тушунуксуз окшошпой калыптыр чындыгында
0
adik2806
2017-04-12 10:18:18
Тушунгон жокмун аягында эко олуп калабы
0
Alibay
2017-04-12 11:04:30
Ильяз кыздын жаны жигити болуп аткарыптыр.Кыз Амантурдан качып ,ал менен кетейин десе кое бербей,мени аяп кой деген мааниде экен.а
Амантур суйуунун айынан акылынан бир аз кетип калгандай...Айтор акыры экоо тен олуп клип бутуптур...
+1
samash2442
2017-04-12 13:32:22
Тушунуктууроок тартса болмок бул жерде кыз жигитти мн жашап алып "никесиз эле"же жаны уйлонгон жаштар эмес,тушунууксуз?Анан жаны жигит мн кетисууно тушунгон жокмун?бул клип женил ойлулук клип болуп калган жокбу?
0
mir777
2017-04-12 13:40:45
голос где?
0
mir777
2017-04-12 13:41:31
клип эминем менен риана
+1
Mirgul.1
2017-04-12 17:49:14
Ильяздын голосу сонун
0
ZHYRGAL.balalaika
2017-04-12 20:36:02
Бул ырга сөз жок 5
0
hello.kg
2017-04-12 23:06:29
Ар нерсе деп эле жазабересинер.сындаганга эле устасынар. Клип да ырдап соонун.озгочолонгон клип болуптур.кыз аябай соонун аткарыптыр.ийгилик баарынарга
0
Maxlan
2017-04-13 10:19:33
Необычно!
0
Diaza
2017-04-13 13:01:49
+555555
0
Tolkun96
2017-04-13 20:51:18
Кызды көрүп кыйналып кеттим
0
timur555
2017-06-08 21:32:13
Клипта ырда 555!
0
Tursunkulov02
2019-07-09 05:34:14
Ырлары сонун
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.