Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап,
Бажырайган көздөрүң алды арбап.
Байкабадың жанымдан өтүп жатып,
Бажырайган кызыл гүл колго кармап.
Кайырма:
Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай,
Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай.
Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап,
Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап.
Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган,
Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап.
Кайырма:
Гүл жытына мас болуп термелемин,
Ок аткандай мен өзүңө сермелемин.
Кокус сени чочутуп албайын деп,
Арт жагыңан акмалап мен келемин.
Кайырма:
Комментарийлер (33)
Shamdagai2013
2017-04-20 12:51:32
1:25 минутадан кийинкиси,ооздору туура келбей калыптыр ыр менен.Ыры аркада калыптыр.
+2
1.asel.
2017-04-24 11:59:37
Shamdagai2013, козунду чон ачып карачы нормально эле
+2
Kubinis
2017-04-20 21:55:01
Самара менен Нурландын клибине жетпейт экен. Бирок аракеттери бар бираз
0
Aitbek0101
2017-04-20 22:01:34
жакшы болуптур,жакты
+2
MinuTolik
2017-04-20 23:27:14
Эркек кишинин аты биринчи жазылат туугандар!(темада). Анжеликанын бешик тоюнда чакырууда дагы куйоосун Экинчи жазып койгон экен элего..
+1
Parker
2017-04-21 00:39:18
Ырдагандарына претензия жок норма баары.
Бирок клипке бар.Ырдын тексти озу готовый сюжет го.Бир жерде эле тыйраландай бербей сюжет кылып клип тартканда сонун болмок
+3
sabyr86
2017-04-21 03:55:47
Азаматсыңар.сразу билинип турат кымбат камерага тартылганы.
+1
Extremalka
2017-04-21 13:11:17
Дайыр толуп алган го. чынын айтсам Дайыр жакпайт такыр, ырлары толтура, бирок бардыгы эле тузу жок боткодой, уккулуктуу ырын деле билбейм. Анжеликанын болсо, жакшы ырлыры толтура
+1
meni_kut
2017-04-23 13:03:15
Анжелика..Аттин баары бар уну жок,бир кем дуйно...
+1
ksb
2017-04-23 22:16:05
Үнү жок ырчылардын баары ушундай клип тартышат:кызыл тазыл,баары кооз тимеле,көз жоосун алат,эптеп эле жымсалдап үн жок экенин билгизбей,көңүлдүн баарын башка жакка буруш керек болот..Эски ырды ырдаганда оригиналдан да жакшы,эсте кала турган кылып ырдаш керек,а бул экөөнүкү эптеп эле кыңылдамай..Экөөнүн тең аракети күч,элден калбай ыр жаздырышат,клип тартышат акча коротушуп,үн болбог
+1
ksb
2017-04-23 22:20:11
Үн болбогондон кийин мунун баары куру бекр убара..Өздөрү билет го,ырчы болбой эле башка жумуш кылгыла десе деле болушпайт,бизди көрө албай жатасыңар дешет анан уялбай...Эптеп ырчы атыгып жүрө беришсин эми,башка эмне дейбиз
+2
BubleGum
2017-04-24 11:14:04
элдер жакпаса Анжелика дегенди ачып убара болуп эмне кыласынар. Ашыкча нервинерди кетирип. Жакшы ырдашыптыр.Ар ун озунун ар турдуулугу менен да. Кээси кыркырап, кээси чынырып. Ар биринин оз угарманы.
+1
meni_kut
2017-04-29 03:54:29
уну жок десе чычалайт,билет оздору билет уну жок экенин.Жар жарды ырдаса суйлоп бараткандай эле болот.Ошон учун женил желпи ырларды ырдашат,созгон ырларда жетпей калат да уну
+2
egemberdievagulbara
2017-04-30 15:04:12
просто кросата
+2
gulperi.kg
2017-05-24 15:18:17
Эки уну жок биригиптир да
+3
rustamov.com
2017-11-29 20:25:03
1;25 минутадан кийин созу отуп же калып кетпей эмес теленби нен катып ошондой болуп калды аппаратынды алмаштырып алсан
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.