Сезимдер ыйлап, ыйлап,
Жүрөгүм туйлап турат.
Экөөбүз түшкөн сүрөт,
Жанымды кыйнап, кыйнап.
Кечирип издеп келем,
Кейиткен сөздөрүмө.
Келет деп үмүт менен,
Зар болом көздөрүңө.
Кайырма:
Арзуум бар сага деген,
Сен сезип билесиңби?
Кайгымды унуткарып,
Кайрылып келесиңби?
Өзүмдү арнап сунам,
Ардагым болосуңбу?
Кыялкечим, периштем,
Багыма коносуңбу?
Кетсең да, менден узап,
Кыялым сага учат.
Ак сүйүүм жүрөктү эзип,
Арманым алды тушап.
Турамын сен деп ырдап
Гитара кылы сыздайт.
Кел эми кечир мени,
Таарынтып алгам сыңар.
Кайырма:
Комментарийлер (4)
Nur0701
2017-05-02 20:40:08
Молодец
0
Tansuluu09
2017-05-03 17:51:56
Жакшы
0
Aibek_01
2017-05-04 12:54:46
Голосу жакшы бул ырчынын☺☺
0
roksalana
2017-05-16 11:38:51
Голосун обожаю го!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.