Гүлжигит Сатыбеков Апакем

Жүктөлгөн: 19-05-2017
04:23
84.28 Мб
Жанр: Поп
Гүлжигит Сатыбеков "Апакем"
Апаке, чарчадың го түйшүктүн сапарынан,
Жашырып билдирбейсиң кабагыңдан.
Баарысын көрүп турам,
Буурул баскан саамайыңдан.

Бар болчу бактыбызга,
Медерим, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.

Мезгилдер шашса дагы, карыбас болсоң кана,
Ошону тилей берем, жаным апа.
Жашарып жылдан-жылга,
Тоо гүлүндөй турсаң кайра...

Берейин жаштыгымды,
Берекем, кагылайын.
Апаке, карыбачы,
Апаке, карыбачы, анайын...

Мен эми барктап билем, апаке, эмгегиңди,
Өстүрүп адам кылдың тентегиңди.
Сезбепмин ойноп жүрүп,
Карылыкка келгениңди.

Бар болчу бактыбызга,
Байлыгым, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.
Комментарийлер (15)
Krai
2017-05-19 17:45:39
Эн сонун мен жакшы коргон ырчы мен жакшы коргон чыгарма
Бирок клипти башкача кутком Ырга ылайыктуу клип эмес
+1
anuvar0903
2017-05-19 19:31:23
Азаматсыз эң сонун ийгилик
0
asan08
2017-05-19 23:34:55
Гулжигит байке Мукур айлынызга барып клипке апанызды тартканынызда сонун болмок. Бул клип деле жакшы эле.
+1
Elamanjanybekovkg
2017-05-20 15:42:16
Ийгилиик
0
bekainur
2017-05-21 15:31:38
Гүке азаматсыз,апакелебиз жөнүндө,мааниси жакшы сонун ыр чыгарыптырсыз!Өнөрүңүз өркүндөй берсин!!!
0
syimyk-akbulak-2000
2017-05-21 17:10:33
jany yrlary kachan chygaaaat guljigit baikenin
0
deva
2017-05-22 11:52:22
Эмне эле ызырынып ырдагансың, Гүлжигит? Көңүлү жоктой ырдап коюпсуң
0
deva
2017-05-22 11:53:10
Клиптеги эже крутая мама го. Айылдагы энелерди тарсаң сонун чыкмакпы деп ойлойм
+1
Kyznur
2017-05-26 18:47:29
Чын эле айылдагы апалардын турмушун тартсаныз жакшы болмок. Бул клип деле жаман эмес.
+1
ala-too-89
2017-06-01 13:04:25
Сонун ыр, ар дайым апалар бар болсун!
0
nurtai_209
2017-06-02 16:30:15
Сонун ыр,Гулжигит байке ийгилик
0
Talantbek
2017-06-04 11:40:23
озунун апасын алып барып озу кошо тартылганда, актерлерго караганда укмуш болмок, канча элдин жана апасынын ыраазычылыгы, батасы тиймек, расход барибир ушундай эле болмок
0
Ayymka
2017-06-21 19:09:19
Мен 6 жаш кезимде, бул дуйно менен кош айтышып кеткен. АПАкемди эстеп аябай ыйладым быйыл 30го чыктым. Апалар бар болугуздар.
0
Kyznur
2017-09-01 22:50:33
Админ Гулжигиттин Махабатым деген ырын жуктоп койосунарбы
0
kenje-888
2017-12-22 10:19:44
5+++
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан