Нурмат Садыров Кыргыз кыздары

Жүктөлгөн: 12-07-2017
03:32
55.21 Мб
Жанр: Поп
Нурмат Садыров "Кыргыз кыздары"
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Керме каштуу селкилерге сунуп урматын,
"Кыргыз кыз" деп жар салат ырчы Нурматың.
Жыгылсам таяган, жалооруп аяган,
Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым.

Кайырма:
Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы,
Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?
Ажары ченелбес, айга да теңелбес,
Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары.

Каректери таң сыяктуу атса кылайып,
Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып.
Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган,
Кыргыздын бир кызы мага ылайык...

Кайырма:


Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым,
Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын.
Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү,
Апама алпарып келин кылайын.

Кайырма:
Комментарийлер (16)
kurbanbaev_92
2017-07-12 23:07:38
Нурмат чыгармачылык ийгилик, жакшы ыр экен,дагыда жаны ырларды кутобуз
+1
Kymbatym456
2017-07-13 00:36:10
Соонун азаматсыз
0
Nur0701
2017-07-13 01:13:22
Сопсонун
0
Sarana
2017-07-13 02:17:53
Музыкасы жакты! Коштогон инструмент өзгөчө үн береткен!
0
Ulan2601
2017-07-13 11:13:46
Нуриза Бектурова жагат да клиптеги жоолукчан кыз
0
Kanikei2017
2017-07-13 14:31:47
Ушу ыры аябай жакты еле клипи да очень хороший качестве Нурмат ен алдынкы ырчылардын катарындасын мындан ары да ошондой бол
0
Azizbeksultan
2017-07-14 05:58:36
Ыр да клип да соонун чыккан. Клипке тартылган кыздарга да соз жок.Сулуусунар кыргыз кыздары....
+1
Rasul94
2017-07-16 11:59:27
кийим деле жарашпайт чалдарга окшоп.баардык кийими чон келет.
-1
Rasul_Rahmanaliev
2017-07-16 13:17:47
Азаматсын! Жакшы ырларды ырдап журо бер Нурмат!
0
sarbargystyl
2017-07-24 22:08:56
Музыкасы да.ырдын создору уккулукту екен.Чыгармачылык ийгиликтерди багында бер брат
0
LunaSun
2017-10-05 13:21:07
Соонун ыр экен го. жакты.
0
diar_1113
2017-10-11 02:43:50
Сонун болуптур ийгилик
0
said9595
2017-10-26 23:01:20
Сөз жок укмуш. Нурмат ийгилик
0
Mister.Erik
2017-11-04 11:46:53
Абдан жакшы аткарган
0
kubinez
2017-11-16 12:03:07
Урматуу админ!!! Артында домбура менен черткен кишинин ырлары же видеолору барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан