Гүлнур Сатылганова, Адилет Азимов Болсочу

Жүктөлгөн: 30-08-2017
04:43
74.09 Мб
Жанр: Поп
Гүлнур Сатылганова , Адилет Азимов "Болсочу"
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Зымырап артты карабай,
Убакыт учат саналбай.
Орчундуу сырлар курчашып,
Оюмду турам чече албай.

Кайырма:
Жашоодо жаман нерсе болбосочу,
Дүйнөдө жалаң жакшы орносочу.
Ай-ий, оорубас адам болсочу,
Ай-ий, жаңылбас пенде болсочу.

Бирине бирин өч кылган,
Болбосо уруш-жалгандан.
Адамды жаман ат кылган,
Арам жок болсо ааламда.

Кайырма:

Агына кара ширелген,
Сырлардан жашоо тигилген.
Жетишип баары турса да,
Баары бир дүйнө бири кем.
Аи-ий, тараза дүйнө бири кем

Кайырма:
Комментарийлер (12)
tuigan.
2017-08-30 21:10:06
Гульнур айымдын ырлары эн сонун
0
GAP
2017-08-30 21:43:38
Сонун!!! Аябай жаккан болчу
0
anuvar0903
2017-08-31 13:49:01
Жакшы клип болуптур
+1
iman34
2017-09-01 13:36:39
Коптон куткон клип.Эн мыкты тартылыптыр Азаматсызда
+1
sara90
2017-09-01 19:29:17
Жашоодо жалан жакшы нерселер коп болсунчу..коздон жаш агып кетти..мыкты клип...
+1
Raya85
2017-09-02 12:24:55
Жакты,ыр да маанилуу аябай.Клип да соонун болуптур!
+2
Jipargyl17
2017-09-02 14:14:45
Супер супер ырда клипта
0
baku24
2017-09-03 20:29:01
Коптон бери жакшы ырлар жаралбай жатты эле. Эн сонун ыр да клип да
+2
nazi0807
2017-09-13 08:41:37
Azamat!!! Gulnur eje Adilet en jaksi klip boluptur
0
nurik838383
2017-10-02 22:44:39
Браво, азаматсынар, ушинтип эле ырдаш керек да, анан каяктагы теке теке деген мааниси жок ырларды тантырабай, жан дуйнон эс ала тушот да ушу Гулнур Эже ырдаганда, кадимкидей эс ала тушом. Чоон рахмат ыр учун
0
laboom
2017-11-14 18:52:13
Satilganovanin unu taakir jakbait, emnesin jaktirishat ech tushunboim.....?
0
iman34
2017-12-13 22:59:52
Чындыгында эс аласын.Жан дуйном толкуп ташып кетти.Уундай мыкты чыгармалар жашоодо куч дес берет.Бар болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан