Гүлнур Сатылганова Сүйүү күчү

Жүктөлгөн: 09-02-2009
04:28
25.77 Мб
Гүлнур Сатылганова "Сүйүү күчү"
Сөзү : Медер Осмоналиевдики
Обону : Эркин Мээркановдуку
Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо,
Бактымды бербессиң алсыз колго.
Бал ширин өмүргө жетсем дейсиң,
Кыялың жетпеген күлүк ойго.
Ой кыял жетелеп учкан күндөрдү,
Жашоону айлантсак арзуу көлүнө.
Жаралап жүрөгүм кеткен болсо да,
Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүмө барып конуп алса.

Тереңин көргөндө көздөрүңдүн,
Күчүнө ишенбейм сөздөрүңдүн.
Болду эми башкага коё бербейм,
Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн.
Колумдан учурбайм бакыттын кушун,
Ичтеги сезимди айттырбай түшүн.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.


Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүмө барып конуп алса.

Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да.
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.


Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүмө барып конуп алса.
Комментарийлер (51)
Adios
2009-02-23 01:44:11
Гульнурдун личный жашоосуна киришип мне кыласынар ! Бактылуу боло берсин !!!
0
tinatern
2009-02-24 14:12:16
Madonnann unu takir jok da al "show women" jana jeke jashoosu menen mediann bashin aylandirip jurgon ayal. Al emi Alla Pugachevani dele duyno juzu taanibayt. Glnr Satilganovanin unu duynoluk sahnada en jakshi undordun biri. Bir gana Glnr ejenin monottoniy irdagani bolboso unu super.
0
ongaku
2009-02-24 18:18:18
Ooba, Gulnurdun unu monotonnyi. Ununo kichine koozduk berse ukmush bolmok.
0
Арыстан
2009-02-26 01:19:07
Эн сонун гап ёк
0
sylyk kyz
2009-03-02 10:39:13
Негизи эле Гулнур эже ырдын мазмунуна коп маани берет эмеспи. Ырдын мазмуну дагы жакшы, ал эми клип эн сонун тартылган.
0
Абайла
2009-03-04 11:44:28
Урматтап, ырларын жактырган ырчылар менин эсебимде аз эле бирок Гульнур эженин оорду мен учун озгочолонуп турат! Алга эжеке.
0
aipi
2009-03-04 12:09:01
Кыргыз ырларын мазмунду ырдачу элениз эми клиптериниз окшошпой жатат анан кийиминизди улуттукка откорсонуз деген ойдомун
0
prizrak
2009-06-06 00:38:59
клип мага жакканы менен бирге көп каталары бар экен, бир жагынан кыргызстанда мындай клиптердин аздыгы жана Гүлнур эженин мындай клиптерди тартышы кубандырат. Клипти көрүп жатып Jennifer Lopez эске түштү, анын клиптеринде колдонулган трюктар бар окшойт, бирок эчнерсе эмес, кийимдер анча окшошпой калган, менин оюмча оюнга түшкөндөр ак кийсе главный обьект башка түстө кийсе жакшы болмок, камера оператору жакпады, 6 киши бийлейт экен
0
prizrak
2009-06-06 00:39:41
блин комментердин жарымы өчүрүлүп кетиптир.
0
Арыстан
2009-06-06 14:25:43
кочуруго мумкун кылып койгулачы
0
aigerim
2009-11-12 11:32:35
super!!!!!!!!na vse 200%
0
Moon
2009-11-27 05:50:10
Jarmabek men senin oyuna takyr koshulbaym
0
aia
2009-12-21 04:45:36
мага текст гана жагат
0
nurka
2010-06-07 20:39:56
Гулнур через не хочу эли эли тушупсун танцага аягында охххх деп машинага чыгып качып
0
Akyikatchy
2011-08-09 02:45:26
Ар бир адамдын ата-энесине,эл-жерине,табигатка жана ардагына болгон суйуусунун кучтуулугу - омур откучокту бактылуулукту тартуулай аларына ишенем !!!
0
Cholpon555
2011-10-04 11:30:00
Создору кандай сонун. Жаш болсо да Медер байкенин ушундай балдай таттуу ырлары калды кыргыз элине. Жаткан жери жайлуу болсун. Соооонун адам болчу. Ырлары ырдалып турганда омуру улана берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан