Мирлан Баеков Неберем

Жүктөлгөн: 23-10-2017
03:57
60.69 Мб
Жанр: Поп
Мирлан Баеков "Неберем"
Сөзү : Ж.Абдыраимовдуку
Обону : З.Көпболсуновдуку
Сен төрөлүп, неберем
Кеңейди го керегем
Тосуп чыксаң жүгүрүп,
Тоодой толкуп кенейем.

Кайырма:
Айга-күнгө теңеген,
Алмаштыргыс сен элең.
Жүгүрөм деп жыгылсаң,
Жан бөлүнүп денеден
Сен аман бол, неберем.

Нурлап жарык күн-түндү,
Көп күттүм мен бул күндү.
Эч нерсеге кыйбаймын
Сенин таза күлкүңдү.

Кайырма:

Ачып көзүн булактын,
Ата жолун уланткын.
Чоң энеңди сүйүнтүп,
Чоң атаңды кубанткын.

Кайырма:

Ала-Тоодой бийик бол,
Ак мөңгүдөй тунук бол.
Айкөл болуп Манастай,
Кан Бакайдай улук бол!
Комментарийлер (1)
jordani
2017-11-08 03:28:20
сонун болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан