Дайыр Исмадияров Кош бол, сүйгөнүм

Жүктөлгөн: 09-01-2018
03:31
58.49 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Кош бол, сүйгөнүм"
Сөзү : Байсалбек Кадыралиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Бактысыз жаным, бактылуу болгун,
Бош эми жолуң, бош эми колуң.
Таалайлуу болгун, тагдырлаш жолум,
Талкалап кетти тартылган торун.
Ызгаарлар учуп, уямды бузуп.
Ууланды сүйүүм, демимди кысып,
Ушуга жетти, турмуштун кеги,
Кечирдим сени, кечиргин мени.

Кайырма:
Жүрөгүм жалын, өрттөнүп багым.
Жүдөдү жаным, сынганда шагым.
Кош бол сүйгөнүм, кош бол сүйгөнүм.
Буйруксуз жарым, буйрубай калдың.

Кериле тарткан, көшөгө бошоп,
Көгөрбөй калды, көктөсө болмок.
Жылдыздар жанбай, жылуулук таппай,
Жылт этип өчтү, армандуу боздоп.
Жүрөк кылдары, муңдуу ырдады,
Жаштык жылдары, жаным кыйналды.
Жашоого көнүп, жазганын көрүп,
Жашап келемин, жалыным төгүп.

Кайырма:
Комментарийлер (9)
jenish87
2018-01-09 18:31:33
Клип дагы, чыгарма дагы жакшы))) Чыгармачылык ийгилик каалайм зёма)))
0
Hatali
2018-01-10 15:54:51
Жаккан жок тушунуксуз.Мунду ырга мызыкасы жарашпай калыптыр.
+1
Pandora
2018-01-10 23:46:34
Ушул Дайырдын рожасын корсом нерв козголуп ХХХХХХХ
П.С.клипти коргон жокмун,корбоймун дагы,комментарий жазуу учун кирдим.
+1
Meken28
2018-01-12 11:07:53
Biroonun balasyn kuchaktagycha,oz balandy kuchaktap oturbaisynby,ata boluw onoi ,atalyk mildetti da atkaryw kk,baikuw balana boorum achyit,atasyz jawagan oto oor,kudai bala bergende ata Enesine kowo meerim berse eken,
0
Ali-han
2018-01-14 05:03:30
Сөзү жакшы экен.Бирок жеткире ырдай алган эмес. Нурлан же Нурмат ырдаса хит болмок!!! Ийгилик каалайм!
+1
Jikos
2018-01-15 23:15:15
Жакты ыр.жакшы чыгыптыр
0
Djal1987
2018-01-17 14:29:59
Эмнеге копчулук жактыра бербейт Дайырды? Элдин кыжырына тийип алганбы.
+1
NeRiNa
2018-01-18 10:39:53
Жакшы чыгыптыр...аялына арналгандай экен. Аялын суйбой эле уйлонуп алганын,же уйлонгон сон башкасын суйуп калганын жеткиргиси келген го....эч кимдин уясы бузулбасынчы.
0
Djal1987
2018-01-18 15:34:20
Дайыр суйбой уйлонгудой эмне дайырды Жанара зордоп качырып алды беле? Клип охбектердин клиппин туурап коюптур айрымасы тест на БЕРЕМЕННОСТЬ! дайыр семьясы бар туруп ойнош ойноп бироону боюна бутуруп коюптур клипте.а кыздар болсо жеткирип аткарган эмес, холодный клип. Актрисалык ауралары жок через знакомый кыздар.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан