Сагыныч, Тима Мукашев Сагындым, апа, сизди

Жүктөлгөн: 17-01-2018
03:35
59.8 Мб
Жанр: Поп
Сагыныч , Тима Мукашев "Сагындым, апа, сизди"
Сөзү : Шайырбек Досболовдуку
Обону : Жеңгиз Мурзакуловдуку
Ай-күндөй тегиз болгон,
Жашоомо негиз болгон
Мен үчүн аябаган,
Мээрими деңиз болгон,
Сагындым, апа, сизди.

Деңиздей кемибеген,
Дүйнөсү мени менен.
Өлүмгө башын сайып,
Жүрөгү уулум деген,
Сагындым, апа, сизди.

Урушуп чыңдаса да,
Уулум деп сындаса да.
Абалың сурап турган,
Ал өзү сыркаса да,
Сагындым, апа, сизди.
Комментарийлер (9)
deva
2018-01-17 15:33:55
Cонун чыгарма болуптур((( Бирок эч ким энесинен айрылбасын
0
fatima
2018-01-17 19:25:04
Урматтуу админ тима мукашев чакырып маек курунуздарчы сураныч!ото сырдуу жигит корунот
0
admin_media
2018-01-18 10:21:10
fatima,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат.
0
Nargidamalikova
2018-01-18 01:38:22
Ыйладым абдан сонун болуптур. Апаларыбыз аман болсун жаныбызда.
0
Tynystan7799
2018-01-19 13:31:57
Amdin portal Бек Борбиевдин ырларын эмнеге чыгарбайсыңар.
0
admin_media
2018-01-19 13:44:01
Tynystan7799,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өз суранычы менен порталдан ырлары алынган.
0
Abdumutalip
2018-01-23 14:45:30
Эн сонун болуптур
0
cholpon119966
2018-02-11 00:17:14
Абдан ыйлата турган клип болуптур. Эч ким апасынан айрылбасын бул омурдо. Т. Мукашев мага да абдан кызыктуу, уну да абдан сонун. Суперден ушул ырчы тууралуу жаны маалыматтарды кутобуз.
0
admin_media
2018-02-12 18:09:56
cholpon119966,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан