Ильяс Кудретов Өмүр, ай

Жүктөлгөн: 24-01-2018
03:56
67.88 Мб
Жанр: Поп
Ильяс Кудретов "Өмүр, ай"
Биздин башка эмне келип кетпеген?
Эң башкысы амандыкка жетпеген.
Кайда жүрбө, кандай күнгө кабылба,
Досум, кайгырба, тагдырга.

Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.

Кыянат кылба тагдырыңда не бар билбейсиң,
Бой көтөрбө сен өлүм үчүн бирдейсиң.
Түбөлүк жашоо болбос, досум, ойлон ушул дүйнөдөн,
Даяр бол, балким, эртең биз да кетербиз.

Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.

Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Жалган жашоо дүйнөдө,
Жаңылбагын, досум, ай.

Алтын башың аманда,
Шүгүр кылгын кайгырба.
Кайда жүрбө, кай жерде,
Тагдырыңа таарынба.
Кээде өйдө, кээде жай,
Жашоо деген ушундай.
Өмүр өтүп баратканын,
Сезбейбиз го байкабай.

Кайырма:
Комментарийлер (29)
nazikerbol
2018-01-29 01:42:47
Эң сонун мааниси терең ыр болуптур, клип дагы сонун тартылыптыр, Ильяз Азаматсын, мындан ары дагы таалыкпай эмгектенип, элге ушундай жакшы чыгармаларды тартуулай бер, үнүнө береке ырды да жүрөккө жеткире ырдайсын, чыгармачылык чоң чоң ийгиликтерди каалайм!!!!
+1
Adelka
2018-01-29 18:42:31
Текстин да киргизип койгулачы сураныч!
0
diar_1113
2018-02-02 03:12:58
Эн сонун ыр болуптур клип дагы,мааниси да.Эх бул ырды угуп,коруп аябай терен ойлондум-жашоо жонундо.Бул омурду окунбой турган кылып откоруш керек экен.
0
kksovet87
2018-02-09 02:09:55
Эн мыкты
0
only_progress
2018-02-10 02:34:35
Ильяс чыгармачылыгына ийигилик. Эми Ильястын жаны клиптерин издеп журуп кором. Жаны ырларды,жаны клиптерди чыдамсыздык менен кутобуз.
0
rtuiop
2018-02-10 13:32:04
Жакшыыы
0
cholpon119966
2018-02-11 00:12:18
Абдан таасирдуу эн сонун клип да ыр да. Ырчынын уну да мыкты экен. Ийгилик, дагы жанылыктардан кутобуз.
0
ArGeN4iK
2018-02-18 16:00:02
Супер кг супер клипке киргизиш керек
0
elya1973
2018-02-21 18:02:32
Аябай жакшы клип болуптур наконецто.Жакшыны жакшы дейт.эмесе окшош клиптер тажатты жасалма каш кошмо кирпик бир кг тоналка окшош особняк. окшош машина ышыгылып эптеп акча тапмай жакшы жылыш бар ийгилик чын журоктон.
0
Erke94
2018-03-10 00:42:56
Ыйладымгоо
0
meili
2018-03-12 23:51:38
Чындыгында уну мыкты экен,золотой голос.Иштерине ийгилик.Дайыма изденуудо бол.
+1
Nazima09
2018-03-13 02:04:51
Ыйлабаган горучу болбосо керек
-1
shkrva_96
2018-03-15 14:49:10
текстин киргизип койгулачы,сураныч!
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2018-03-21 16:38:35
maga ayabai jakty. yilap da aldym. ushunchalyk taasirduu boluptur. keede en jakyn adamdaryn da jardam bere albai kalganda bashka jat adamdar jardam berip koet eken
0
eclat.
2018-04-06 14:31:32
Ыр да клипта сонун таасирдуу болуптур.дагы ийгилииик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан