Ильгиз Абдалиев Гүлдөй, гүлдөй

Жүктөлгөн: 31-01-2018
03:37
85.98 Мб
Жанр: Поп
Ильгиз Абдалиев "Гүлдөй, гүлдөй"
Күндөй нуруң күлүмдөгөн
Гүлдөй сулуу келбетиңден.
Сенин оттуу жамалың да,
Суктандырып күлкүң менен.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.

Кайырма:
Гүлдөй, гүлдөй
Жаным гүлдөйсүң,
Жүрөгүмө жакын жүргөнсүң.
Сенсиз мага өмүр жоктугун,
Жаным өзүң билгенсиң.

Акылын шай көркүң менен,
Эч кандай кем келтирбеген.
Экөөбүз бир жүргөн кезде,
Сыр калчу эмес чертилбеген.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.

Кайырма:

Көркөм сулуу келбетиңде,
Сендей жан жок жер бетинде.
Бизге карап тамшанчу эле,
Кош ак куу да, көл бетинде.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Комментарийлер (2)
Zair_Alimov
2018-02-01 14:36:09
Клип сонун чыгыптыр, мындан ары дагы да, арекетти кылып шоу бизнес чойросундо коптогон ийгиликтерди багындырышына ишенебиз! Братан, хит болгон клиптердин катарын толуктаган клиптерден болсун. Жемиштуу болсун! Ийгилик каалайбыз! Ушул братандан дагы бир репортаж кылып койсонуздар жакшы болмок!Жакында тушоо кесуу концерти болот экенго, Супер инфо!) алдын ала ырахмат!) сиздер супсуперсиздер!)
0
ilgiz-kg01
2018-02-04 01:34:46
Илгиз сонун балагооо сени жакшы коробуз уй булообуз менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан