60'K тобу, Айя Садырова Сен менин түшүмсүң

Жүктөлгөн: 22-02-2018
04:57
75 Мб
Жанр: Поп
60'K тобу , Айя Садырова "Сен менин түшүмсүң"
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Недир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүндүң.

Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.

Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.

Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.

Ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
Сага айланып жашай берем күндөрдү
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
Сага айланып жашай берем түндөрдү.

Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
Ойлорума күнү-түнү ширелип
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай
Комментарийлер (17)
Izimrud
2018-02-23 22:08:31
Мага жакты. Аябай сонун клипда, ырда супер.
+1
Tiguuchu
2018-02-24 20:39:22
Ыр жакты,клип болсо тушунгонум боюнча отуп кеткен суйуулору окшойт.
0
Solnyshkin
2018-02-24 20:57:42
Maga dagy jakty, yrga bolso soz jok
0
janbirge
2018-02-24 21:37:19
Мага жакты.Ыр супер
+1
Nariste...12
2018-02-24 23:51:30
Ыр жакты.А клипке анча тушуно бербедим.
-1
Kirajsjk
2018-02-25 02:42:04
jakwi irga jakwi klip tartsa bolmok eke ..manisi kuchtu klipterden.Birok aiabai jakwi irdawkan,kundo ukkandan tajabaim.
0
Aina77
2018-03-05 19:07:21
Эн сонун,тушунбогондор Талант мн Айядан сурагыла.Тушунуктуу эле болуп турбайбы баары.Ырдын маанисине карап тартылган.
+1
dina
2018-04-12 09:54:11
Клип ырга ылайыктуу эле тартылган деп ойлойм. Эч ким тушун контролдой албайт да) Эски ырга жаны жашоо берген, аранжировкасы да жакшы болгон. Болгону Аянын акцентинен ырдын жарымыле кынылдапле буткондой. А так жакшы чыгарма.
0
femida86
2018-05-11 20:51:02
Айып болуптур чыгарма, Талант туура эмес ырчыны тандап алган.
-1
DAIN
2018-08-07 18:57:58
Ото окунучтуу нерсе чогуу жашаган,ишенген адамын башканы энсеп,эстеп сагынса.Баары эле суйгонуно эле жетсин,арманда калбай,же жакшы,же жаман жашай албай
0
gulzat85
2018-08-08 14:34:54
Сонун мага жакты
0
rahat84
2018-08-10 17:03:50
клип максатына жеткен, жана сонун тартылган. негизи эле чыгарманын кандай гана туру болбосун элдин кыжырдануусун же кулкусун же кубанычын келтирсе мыкты жаралганы ошол.
0
Gulnyr19
2018-08-11 20:06:58
Сонун
0
Birimdik5555
2018-09-25 00:12:44
Сонун ырдашыптыр Аянын уну жакшы
0
chika-chika88
2019-02-07 03:26:18
базар жок, сонун класс браво
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан