Светлана Назаренко Дарак ыры

Жүктөлгөн: 26-02-2018
03:48
65.61 Мб
Жанр: Поп
Светлана Назаренко "Дарак ыры"
Бул ыр Жылдыз Осмоналиева менен биргеликте аткарылган
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Жолдошбек Апасовдуку
Жетсе башың булутка,
Алды-артыңды унутпа.
Жаман, жакшы күндөрүң,
Келет, кетет турмушта.

Өмүр чуркап алыска,
Өлүм менен жарышта.
Канжыгага баш байлап,
Жигит өтөт намыска.

Адам көпкө багынат,
Алдоолорго чалынат.
Таалайына жетсем деп,
Тагдырына жалынат.

Адам барга ичи ток,
Жокко айласыз күчү жок.
Ысык жандын бир күнү
Муздарында иши жок.

Адам кызык туулган,
Ааламга үнү угулган
Болор иши кайчы өтүп,
Болбос ишке муунган.

Адамга өмүр ченетпейт,
Ар кимде үмүт элестейт.
Карылыкты жээрийт да,
Көп жашагым келет дейт.

Адам кайда жүрбөгөн,
Акылы артык дүйнөдөн.
Ошентсе да кызыгы
Өлөр күнүн билбеген.

Адам кызык баарынан,
От чыгарып табынан...
Келечегин тапсам дейт,
Өткөн күндүн маалынан.
Комментарийлер (14)
Boroborodach
2018-02-26 13:22:22
Азаматтар. Светлана таза кыргызча ырдаптыр.
+1
abdrakhmanovich
2018-02-26 22:59:24
Светлана азаматсыз! Кыргызстанды унутпай колдоп жүрөт ар дайым...
0
aianaaiana
2018-02-27 01:24:17
Казак актрисасы ойноптурго ,кыргыз актрисалары жок бекен?
0
Marlen.
2018-02-28 00:20:19
Мыкты чыгарма болуптур
0
Bazake
2018-02-28 11:06:23
Азамттар! Айбек сендей жигиттер көп болсун!
0
semasem
2018-03-01 13:44:55
Ушул ырдын МРЗ син киргизип койгулачы сураныч
0
007aym
2018-03-01 16:44:05
Аудиосу барбы??? Соооооонун. Жакты
0
admin_media
2018-03-01 16:54:33
007aym, semasem,
Саламатсыздарбы! Аудиосу жакынкы күндөрү жүктөлөт, сунуштарга рахмат!
0
noeli
2018-03-01 22:53:02
Мынаке чыныгы профинин иши башка да, супер! Жылдыз эжекебиз жапжаш бойдон го. Аяга го слов нету.
-1
Gsuita
2018-03-01 23:59:06
Азаматтар,экөөнүн тең үнү сонун!
-1
Solnyshkin
2018-03-03 02:58:55
Super info emnege Svetlana Nazarenko dep ele turat, Jyldyz Osmonalievany dagy koshpoit belener?!
0
rysbek1112
2018-03-05 01:45:01
Жакшы чыгарма экен
0
Mamiev
2018-03-18 02:47:22
Калп эле кыргызча ырдап койсо мактай бербегилечи.Озу кыргызча билбейт и суйлобойт дагы.Жаттап алып ырдабаса
0
eclat.
2018-04-06 14:17:54
Башкы рольдогу Казактын актрисасы,ырчысы Салтанат Бакаева го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан