Нурмат Садыров Айгүл гүлү

Жүктөлгөн: 05-03-2018
04:01
66.94 Мб
Жанр: Поп
Нурмат Садыров "Айгүл гүлү"
Сөзү : Турдалы Иматовдуку
Обону : Мамажан Козубаевдики
Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого,
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло.

Кайырма:
Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр,
Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо.
Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы,
Арнагым бар өзүңө ырга кошо.

Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр,
Мээрим чачкан асманда жылдыз толо.
Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт,
Менин колум белиңе оролгондо.

Кайырма:

Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо,
Биринчи эмес миң ирет дагы болсо.
Берер элем өмүрдү өзүң үчүн,
Айгүлүмдөй тунугум керек болсо.

Кайырма:
Комментарийлер (2)
anipa11
2018-03-05 13:40:22
прикольно болуптур. акырында суйлогон жерин клипке кошпой эле койсонор болмок
0
Aikan1966
2018-05-15 12:22:34
Айгул гулуно барышса клип тартышса сонун болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан