Мирбек Атабеков Мурас

Жүктөлгөн: 19-03-2018
03:44
62.22 Мб
Жанр: Поп
Мирбек Атабеков "Мурас"
Айтамын гана ээй,
Атадан гана калган мурасты.
Жаңырып заман, эй,
Жаңы муун баба салтын улантты.

Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен,
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?

Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кеттиң алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.

Арнагам гана, эй,
Жериме чындап өчпөс эмгекти.
Баатырлар гана, эй,
Байыртан буруп тынчтык элдешти.

Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен,
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?

Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кетип алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.
Комментарийлер (12)
kilim
2018-03-21 19:23:51
супер
0
nasipa9799
2018-03-22 02:36:23
Мирбек азаматсын!!!
0
Jadyrashka
2018-03-22 17:31:13
Керемет
0
Bemus16
2018-03-25 01:38:42
Абдан сонун.

0
bayan_toktomushov
2018-03-25 21:48:30
Super super sooonun yr boluptur
0
.Sheke-brat.
2018-03-26 00:18:49
Бу брат жүрүп жүрүп эле өзгөчө ыр чыгара коёт экен))
0
cyrus
2018-03-26 13:26:31
Патриоттуулук духту которо турган ыр экен. Азамат, Мирбек чыгармачылыгын онуго берсин.
0
man.kalikov
2018-03-26 22:37:06
Сонун ыр!Мага аябай жакты!
0
Rai1988
2018-04-02 18:07:30
Сонун ыр экен
0
MarJane
2018-09-12 10:55:01
Abdan jakshy yr...Azamatsyz Mirbek baike.
0
teletz-1987
2018-10-07 12:38:24
Спортсмендердин рингге чыгаардын алдындагы ыры болду особенно чет олкодо. Азаматсын Мирбек!Жогоруда айткандайле журуп журуп хит чыгарып койосун. Ийгилик
0
datkayimjan
2019-04-16 09:37:30
Патриоттуулук сезимди ойгото турган ыр да. Сонун. Бирок тойлордо ушул ырдын коштоосунда козу гриль,эт тартпай эле койгулачы. Ырдын баркын тушуруп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан