Кайырма:
Алга сүрөп, өйдөдө өбөк болгун
Дайым колдоп ылдыйда жөлөк болгун.
Кайгы басып, башына сыноо түшсө,
Жанында бол, таяган тирек болгун.
Өйдө-төмөн, турмуш оор татаал болот,
Бирде бакыт, кээ күнү катаал болот.
Ынтымакты туу тутуп жашаганда,
Ырыс орноп, башыңа бакыт конот.
Кайырма:
Гүлдөй болгун, ал сага белдей болот,
Күндөй болгун, ал сага жердей болот.
Кечиримди ар дайым алга койгун,
Мына ошондо үйүңө кут орнолот.
Кайырма:
Комментарийлер (4)
Aznazalai
2018-04-11 16:03:51
Мазмундуу жакшы клип болуптур.Бирок жубайыма деген ырга окшоп калыптыр музыкасы.Ийгилиик
0
deva
2018-04-13 17:50:16
Сонун чыгарма болуптур. Клиптен кызым менен жолдошумду көрдүм. Экөө азыр ушинтип шахмат ойношот. Кызым жеңилип баратса тултуңдап, жеңсе сүйүнөт.Турмушка кетип жатканын элестетип ыйлап да алдым. Атасына жакын, анын сүйүүсүнө ээ болгон кыздар бактылуу болушат дешет го. Бактылуу болсо экен ар бир кыз.
0
Melek.90
2018-04-15 19:28:11
Азамат укулуктуу,клип маанилуу,эн сонун.
0
Birimdik5555
2018-06-13 12:08:32
Сонун экен
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.