Акмарал Жоробаева, Венера Назаралиева Досторго

Жүктөлгөн: 18-04-2018
03:42
62.64 Мб
Жанр: Поп
Акмарал Жоробаева , Венера Назаралиева "Досторго"
Бул ыр Самара Сабирова менен биргеликте аткарылган
Сөзү : Улукбек Омокеевдики
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен,
Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен.
Таппаймын берер дүйнө досторума,
Тандашып, жакшы кызды "аяш" дешкен.

Кайырма:
Досторум, ыйманга жол салгылачы,
Досторум, эл деп күйүп, жангылачы
Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы.

Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы,
Таптаган, саяпкерим алыстагы.
Сезилет силер менен чечилчүдөй,
Досторум, турмушумдун табышмагы.

Кайырма:

Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын,
Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын
Силердей асылдарга кошконуна,
Миң ирет жаратканга ыраазымын.
Комментарийлер (4)
Dily
2018-04-18 17:13:15
Достугуңар үзүлбөсүн
0
ainur78007
2018-04-19 19:07:27
Венеранын уну ачыптыр ырды.Азаматсынар!
0
peri.92
2018-04-19 19:33:23
Чынында Венеранын уну ачыптыр
0
Dily
2018-05-03 00:54:38
Үчөө тең жакшы ырдаган Самараны кимдер гана тааныбайт, Ошто бир эле вокалист болсо ал Акмарал Жоробаева, Венера оштон актриса ырчы, үчөөнүн тең талантына таазим этем...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан