Түмөнбай Колдошов Неге ыйладың?

Жүктөлгөн: 25-05-2018
03:51
64.6 Мб
Жанр: Поп
Түмөнбай Колдошов "Неге ыйладың?"
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Жалганып сезим күйбөстөй,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөштөй.

Кайырма:

Башкабы сенин сыйлаарың,
Башкабы, айтчы кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?

Сооротор сөздү таба албай,
Соңуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат нөшөр аянбай.

Кайырма:

Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.

Жалганбы сүйүү биздеги,
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө,
Арманбы өмүр тизмеги?

Кайырма:

Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.
Комментарийлер (4)
Atabaev.kg.su
2018-05-26 05:46:57
Күчтү
0
aiba.8327
2018-05-26 13:59:59
катуу катуу бул ыр ....
0
Pandora
2018-05-27 22:41:34
Клиптеги киши Гулжигит Сатыбековдун "Коз жаш"-деген ырынын клибиндпги балаго,каарыптыр.Каарыса деле скамейкада отурган кыздар менен таанышып журот экен да э))))
0
kyrgyzstan_00
2018-05-30 10:19:17
Элмирбек Иманалиевдин обону да Түмөнбай Колдошовдун бул обону да мыкты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан