Сенин көзүң чексиз терең,
Сезимиме жаралган.
Сенделемин сага жетпей,
Секетим, ай бар арман.
Чырайыңан күн уялып,
Гүлдөр кубат ала алган.
Жоолугуңа куп жарашып,
Чачың кундуз карарган.
Шыңга боюң, тула боюң,
Чыбык бекен, тал бекен?
Жамалыңдын тунуктугу,
Жаздагы аткан таң бекен?
Күлкүң булак шыңгыр добуш,
Сөзүң асел бал бекен?
Бул дүйнөдө мен эңсеген,
Сендей сулуу бар бекен?
Комментарийлер (1)
Bayazet
2018-06-11 16:57:42
Азамат мыктыбек озумдун окуучумго
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.