Айдана Дека Жигитке

Жүктөлгөн: 26-06-2018
00:00
80.08 Мб
Жанр: Поп
Айдана Дека "Жигитке"
Сөзү : Бегиштики
Обону : Амир Аскаровдуку
Менин колдорумду түбөлүк сен кармап жүр,
Койчу чекиттерди, калтырбай бир да үтүр.
Тагдырымдын түгөнбөгөн сырын сен менен,
Көрүшүп, бөлүшүп жүргүм келет дайым.

Кайырма:
Сүйөмүн сени асыл көрөм баарынан,
Сүйөмүн сени, алыс болсоң сагынам.
Сүйөмүн сени дайым болуп жаныңда,
Балына малынам, сенде көңүл жолу.

Жакындап тартылам жайылган кучагыңа,
Сен үчүн гүлдөймүн сүйүүнүн бутагында.
Алыстагым келбей сенден бир да мүнөткө,
Өзүңсүз бир күн өтпөйт, жалгыз жансың жүрөктө,

Кайырма:

Сөзү менен кылган иши дайым төп келишкен,
Билем аны менен жетем дайым көп жеңишке.
Мен ыраазымын кудайым мага жолуктурганына,
Даярмын ал үчүн өмүрүмдүн баарын беришке.
Менин баатырым менин ишеничим ал жигит,
Тилегеним өмүр бою мени менен кал жигит.
Сырларыңды терең катам, түгөй кылып ал жигит,
Ойлонбостон түн киргенде каалаганда чал жигит.

Кайырма:
Комментарийлер (4)
Aika71
2018-08-01 15:14:49
Жаңы идеялар менен өзгөчөлөнүп тартылган жакшы клип болуптур! Ийгилик!
0
farida.kg.1991
2018-08-03 15:06:36
Айдана дека сулуу кыз корей кыздарына окшош назик бир жакшына кыз
0
farida.kg.1991
2018-08-03 15:07:34
Бардык клиптери жагат
0
Aijamal0405
2018-08-08 14:21:53
Жакшы ыры жок го)ырларынын мааниси жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан