Тунжурап бул жашоодон тажаганда,
Өзүңдөн мээрим күтөм, келесиңби?
Көп кыздар айланамда жайнаса да,
Баары бир сени күтөм, билесиңби?
Арман күчөп...
Кайырма:
Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Ай алмашып, жылдарым жылып барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Жашоомдо жакшы күнгө кабылсаң да,
Баары бир бөксөм толбойт, билесиңби?
Кыялдан неге кетпейт жалжал көзүң?
Жалганда бир арманым жалгыз өзүң,
Жалгыз өзүң.
Кайырма:
Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Ай алмашып, жылдарым жылып барат,
Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
Комментарийлер (111)
KAGANAT
2009-04-08 15:30:31
Табитте талаш жок! Ар ким озуно жаккан ырчысына добуш берет да.Кээде клип гана эмес ыр дагы ото маанилуу!
0
kazah
2009-04-08 15:38:01
укмуштудай деле клип эмес экен!!! эптеп септеп бирдеме...ничего нового
0
Бема
2009-04-08 15:42:52
Akko
сен туура айтасын туура эмес добуш.Бул клип тим эле супер деле эмес. эч бир жанылык жок клипте.от ырыскелдиники не спорю жакшы.
0
sher
2009-04-08 18:18:03
kazah men sizge koshulam bolbogon ele klip jani dem jok
tabitte talash jok dey bersek jakshi jamandi ayirmalay albay kalabiz dep oyloym kalp ele sonun dey bersek nachar klipter jaynay beret da
0
жаник
2009-04-09 11:27:50
жакшыны жакшы жаманды жаман эле деш керек! баары эле укмуш супер клип деп атышат, бирок мен бул созго кошула албайм! Мен талантын сыйлайм, бирок клип озу супердикке тартпайт. Сюжети жок!
0
Akko
2009-04-09 17:31:28
Калк айтса калп айтпайт! Бема, Казак, Жаник, Шер жана башкалар дагы кошулду демек булар дагы жакшы менен жамандын айрымасын билгендер. Кубанычты билем тааныйм коруп эле журом бирок чыгарма деген чыгарма осуш болуш керек. Супер деген атка татуктуу болуш учун дагы эмгектениш керек. Вот так вот!!!
0
kazah
2009-04-10 09:50:43
Akko, sher азаматсынар!Коз караштарыбыз туура келишет экен!
0
shan
2009-04-13 09:44:45
Klip jakpasa klip jakpayt degile da. Yrda emne kunoo? Jakshy bolso jakshy da joldoshtor, tabitte talash jok!