Нияз Абдыразаков Жубайым

Жүктөлгөн: 02-04-2019
03:16
50.08 Мб
Жанр: Поп
Нияз Абдыразаков "Жубайым"
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Мен издеген өмүрдө,
Гүл болуп көңүлдө,
Жолукканмын бир өзүңө.
Азыр эми экөөбүз
Бир кеме бирге сүзөбүз.
Жыргалым сенсиң менин, асыл жубайым, о-оо.
Белегим берген Кудайым.
Бир болгон бары жогумда, э-эй
Бар болгун менин күн,айым.

Кайырма:

Жашоо жарыгы,
Өмүр агымы,
Алган жарым, баары сен менен.
Кайталангыс менин эркемсиң,
И-ий и-ий ии-йй
Алган жарым менин.

Жүрөгүмдүн кереги,
Жыргалымдын кечеси
Уул, кызымдын энекеси.
Апакемдин келини,
Өзүңдөй эле тилеги.

Ырларым сенсиң менин, асыл жубайым, о-оо,
Өмүрдүн гүлүн сунайын.
Бир болгон бар-жогумда,
Бар болгун менин, күн айым.

Кайырма:
Комментарийлер (1)
Жапалак
2019-05-05 23:23:42
Ыр жакшы, клип начар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан