Дайыр Исмадияров Каражан

Жүктөлгөн: 16-05-2019
02:57
45.91 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Каражан"
Сөзү : Байсал Кадыралиевдики
Обону : Дайыр Исмадияровдуку
Сүйлөсөң сүйүп,жаным арбалам,
Сен күлсөң ичим, кайнап арашан.
Сулуу селки айтчы, эми не кылам,
Сенин үнүң сүйүп,калдым каражан.

Кайырма:
Каражан каражан,
Жанымда ак жоолукчан.
Жарашат сага жан,
Жанашып бирге турсам.
Каражан каражан,
Жашоомдо бир жоолуккан.
Жар болчу мага жан
Жамалы жаркылдаган.

Көздөрүңдү көрбөй,калсам сагынам,
Көңүлүмдөн кетпей,койдуң аруужан.
Көргөн сайын сүйгүм,келет жүзүңдү,
Көрүшүүгө макул,болчу каражан.

Өрүлүп түшкөн,кара чачыңдан,
Өрттөнүп күйөм,сенин айыңдан.
Өзгөрүлбө сенден,жаным суранам,
Өмүрүмө шерик,болчу каражан.
Комментарийлер (1)
LadyB
2019-05-17 23:41:54
автомеханиктер соонун экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан