Эрлан Андашев Ыйлаба

Жүктөлгөн: 21-09-2020
04:16
40.67 Мб
Жанр: Поп
Эрлан Андашев "Ыйлаба"
Сыздаба жаным сыздаба
Сезимдер муздап калса да
Сүйүүбүз өчпөс түбөлүк
Сен жаным менин сыздаба



Кайырма:
Ыйлаба жаным ыйлаба
Көз жашын төгүп кыйнаба
Арманда өтөт күндөрүм
Аячы мени кыйнаба


Ашыктык балы тамганда
Алоолоп оту жанганда
Албырып жүзүң жалбырайт
Ай күнүң тапкан ар таңда


Жылдызың жанып мандайда
Жыргалым сендей жан кайда
Жылуулук берет жан дүйнөң
Жан эркем сендей жан кайда

Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан