Бегиш Ата-Эне

Жүктөлгөн: 30-10-2020
03:43
22.79 Мб
Бегиш "Ата-Эне"
Сөзү : Бегишдики
Обону : Бегишдики
Билем апа алыстарга бакыт издеп учам,
Келем кайра,балдарыныз жүрөт сизди куурчап .
Көрбөй калсам сизди,мен өзүмдү өзүм урушам,
Сиздин көздөрүңүз балдарыңызга улуу шам.
Унутам мен,сиз менен унутам мен,
Жаш бала болуп учам мен,
Таптаза аба уурттап алып.
Санабайм минуталарды,
Өзү эле тизип ноталарды,
Ырдайт жүрөк ырдайт.
Ырдайт,жыргайт.

(Кайырма)

Жыттасам сиздин жытыңыз
Жаштыкка алып учат
Төрөгөн аял затын
Сыйлаган өмүр утат
Аскадай бийик бою
Асмандан кенен койну
Апамда менин оюм
Мүмкүн эмес ойлобой коюу

Жыттамасам,сиздин жытыңыз
Жаштыкка алып учат
Атакем менин баатырым
Атакем дайым утат
Жоопкерчиликти алып
Жолуна басты салып
Үй-бүлө анын колунда
Эч кетпейт аны чанып

2-куплет

Ата,Ата,Ата -Мекен
Бизди коргоп жүргөн адам экен
Сизди уят кылбай жашасам мен
Каарылык сизди ашпаса дейм
Көрүнбөгөн жүзүндө
Жүрөктө бар мээримдер
Мээнет аккан теринде
көрбөй калсам зеригем
Жаным сизге имерилген
Күчү бар зат билегинде
Бактылуулук тилегени
Дайым ээрчип кетебиз

(Кайырма)

Жыттасам сиздин жытыңыз
Жаштыкка алып учат
Төрөгөн аял затын
Сыйлаган өмүр утат
Аскадай бийик бою
Асмандан кенен койну
Апамда менин оюм
Мүмкүн эмес ойлобой коюу

Жыттамасам,сиздин жытыңыз
Жаштыкка алып учат
Атакем менин баатырым
Атакем дайым утат
Жоопкерчиликти алып
Жолуна басты салып
Үй-бүлө анын колунда
Эч кетпейт аны чанып


Сиз берген бата менен
Алыска жетебиз
Урматтуу ата-эне
биздин берекебиз
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан