Мыктыбек Нурланбеков Күзгү нөшөр

Жүктөлгөн: 22-12-2020
04:09
35.49 Мб
Жанр: Поп
Мыктыбек Нурланбеков "Күзгү нөшөр "
Сөзү : Бактыгүл Сейитбекованыкы
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.

Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?

Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүңгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.

Кайырма:

Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң, тургай атын укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өңүп.

Кайырма:
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан