Толгонай Арзыкеева Кыялдан

Жүктөлгөн: 07-01-2021
02:59
41.53 Мб
Жанр: Поп
Толгонай Арзыкеева "Кыялдан"
Чыгарма Ага Ини ft Ammagin менен биргеликте аткарылган
Бийикти көздөй,
Алып учат кыялым, дайым...
Бактылуу кылган сезимдерден,
Кубат алып ансайын...

Кайырма:
Кыялдан канат байлап,
Учамын алыстарга.
Жылдыздай сызгым келет,
Көк асманда.
Кыялдарым алып барат,
Мен эңсеген ошол жайга.
Жымыңдап мен жарык жанам,
Жылдыздардай.

Кыял деген канаттарым алып барат алыска,
Күнү-түнү мени бөлөп түгөнбөгөн бакытка.
Ичимде коркунуч сезими болбойт кымындай,
Бийикте мен да жанамын жарык жылдыздай.
Азыр кезим жалындаган, каалагандын баарын алам,
Мен эңсеген чокуларды, белестерди багынта алам.
Музыканын обондорунда учамын оболоп,
Сыйкырдуу, касиеттүү кыялдардын чеги жок!

Музыка ыргагында,
Жашоонун ырларында,
Жетемин мен баарына...

Кайырма

Кыялдар менен боёлот жашоо,
Боёлот жашоо түркүн түстөргө.
Кыялдан демек, бир келет жаштык,
Бир келет жаштык ушул өмүрдө.
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан