Омар Сүйүү дастан

Жүктөлгөн: 03-02-2021
04:42
55.71 Мб
Жанр: Поп
Омар "Сүйүү дастан"
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Качпаймын жамгырдан көнөктөгөн,
Сезимим сага болгон тазарсын деп.
Баспаймын тескери жаман жолго,
Кир жугуп көңүлүмө калбасын деп.

Кайырма:
Таң эрте сайраган сүтак менен,
Таалайлуу күндөрдү сурап келем,
Самаган бакытымды сурап келем,

Достошпойм ичи тар, жаман менен,
Адашып ак жолумдан калбайын деп.
Тоспоймун бороонго көкүрөктү,
Оорутуп сезимимди албайын деп.

Кайырма:
Таң эрте сайраган күкүк менен,
Таалайлуу күндөрдү күтүп келем,
Самаган бакытымды күтүп келем.

Суу алсаң ийниңе бакан менен,
Чагылып сулуулугуң Айга жеткен.
Сүрдөгөн жүрөктү көндүрө албай,
Сүйүүмдү айттыра албай айлам кеткен.

Кайырма:
Таң эрте сайраган булбул менен,
Таалайым мен сага ырдап келем,
Сүйүүмдү дастан кылып айтып келем.
Таң эрте сайраган сүтак менен,
Таалайым сен жактан сурап келем,
Самаган бакытымды сурап келем.
Таң эрте сайраган күкүк менен,
Таалайлуу күндөрдү күтүп келем,
Самаган бакытымды күтүп келем.
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан