Нурмат Садыров Эрке кыял

Жүктөлгөн: 15-02-2021
02:46
53.83 Мб
Жанр: Поп
Нурмат Садыров "Эрке кыял"
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Каректе жылдыз жыбырап,
Караган жигит жыгылат.
Садагам, кичинем,
Сан кыздын ичинен,
Бир сенин үнүң угулат.

Күлгөнүң шыңгыр булактай,
Турушуң мөлтүр сымаптай.
Жылмайсаң жаз болуп,
Жытыңа мас болуп,
Жүрөгүм барат чыдатпай...

Кош алмаң бойго тирелип,
Көңүлдү кеттиң имерип.
Сезимим дүк-дүк-дүк,
Дүйнөмдү бүт-бүт-бүт,
Берсемби сага түбөлүк?!

Жайнаса жибек саамайың,
Жанымды сага чабайын.
Жүрөгүм бош-бош-бош,
Жүзүңдү тос-тос-тос,
Бир жолу өөп алайын!
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан