Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе сагынба.
Жаш кездердей, ай, ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген, ай, сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү, сүзүп өтүү деңизден.
Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн, ай, көңүл калуу көп экен.
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Сүйүү деген, ай, сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу, от чачышуу жүрөктөн.
Комментарийлер (57)
Rnur
2010-12-21 10:40:17
Ырыскелди красавец!
0
Romantic
2011-01-02 07:22:19
Soz jok,jon gana ugup jana koruw kerek suktanyp,,,baaahhhhhh sizge 4ydarma4ylyk iygilik!!!
0
dina
2011-01-12 15:43:31
Негизи эле музыканын адамы деп ушул ырчыны айтса болот. Ийгилик.
0
oscar
2011-03-30 18:32:32
ырыныз аябай жагат.уккум келет дайыма.
0
a1992
2011-04-10 04:38:55
irdi 4igargan alikulga ani irdagan iriskeldige rahmat!!!!!!!!!!!!!!1
0
ayjamal83
2011-04-13 12:36:13
мага Ырыскелдинин ырларынын баары жагат,уну аябай тунук.,уккандан тажабайм...
0
Gulchik
2011-05-14 13:40:09
Yч профессионалдын таланты кошулганда ушундай сонун нерсени жаратууга мyмкyн