Айгерим Расул кызы Кыраан кыргыз

Жүктөлгөн: 15-09-2021
03:41
67.99 Мб
Жанр: Поп
Айгерим Расул кызы "Кыраан кыргыз"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Жүрөк толкуган укканда Манасын,
Көңүл дартына таппаган дабасың.
Даңктап бүтпөгөн үн салып булбулдар,
Баары биригип салса да авазын.

Кайырма:
Ала-Тоого Алтайдан улуу жол улаган,
Кыйың кезеңдин баарына чыдаган,
Кырк уруудан бир журтту кураган,
Алга умтулган.

Чагылган болуп касташкан душманга,
Кааласа учуп, айланган шумкарга.
Кааласа сызып айланган тулпарга.

Кыргызым менин кыйыр кезгениң,
Кылымды басып терең кеткениң.
Аталардан калган Мекеним.

Жарык нур болуп, ыр болуп дастаның,
Ырыс-ынтымак бардыгын сактадың.
Гүлдөп өлкөнүн ар жери өркүндөп,
Дайым ачылып турса дейм асманың.
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-09-17 13:51:03
Кыргызстандын асманы ачык болсун ар дайым ырда айтылгандай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан