Эрлан Андашев Алтыным

Жүктөлгөн: 22-10-2021
04:03
178.02 Мб
Эрлан Андашев "Алтыным"
Сөзү : Эрлан Андашевдики
Обону : Жыргал Жусупованыкы
Багыңа мени чакырдың,
Багынтып дүйнөм мас кылдың.
Баары сен болуп жашоомдун,
Байкатпай мени азгырдың.

Кайырма

Жаныңа жаным тартылат
Көргөндө көзүм карагат
Арбалып сага баратам
Алтыным
Багынтып бизди махабат
Бактылуу күнгө чакырат
Багыңда бакыт куш сайрап
Алтыным

Жүрөктүн издеп ачкычын
Жүрөгүң үчүн жактырдым
Кулпулап эми жүрөгүм
Алып ал өзүң ачкычын

Кайырма

Балын бир татып сүйүүнүн
Бирге бир жүрчү күн келсин
Кош жүрөк согуп турганда
Сүйүүмө сүйүүң дем берсин
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан