Динара Багышбаева Мен сени сагынгым келет

Жүктөлгөн: 23-12-2021
03:09
136.56 Мб
Динара Багышбаева "Мен сени сагынгым келет"
Сөзү : А. Өмүркановдуку
Обону : Роза Аманованыкы
Күлгөн күлкүм, черткем күүм ырларым,
Сага гана арналганын бил жаным.
Бакыттын бул мелт-калт толгон кесесин,
Эч бөксөртпөй ээлеп тургун жыргалым.

Кайырма:
Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет,
Мен сага таарынгым келет.
Мен сени сагынгым келет,
Мен сени сагынгым келет.

Эки жүрөк бир жүрөктөй сезилген,
Эстен кетпейт эс тандырган көз ирмем.
Эгиз жандай өткөрөлү, өткөрөлү өмүрдү,
Экөөбүзгө энчиленип бир келген.

Кайырма:
Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет,
Мен сага таарынгым келет.
Мен сени сагынгым келет,
Мен сени сагынгым келет.

Күлгөн күлкүм, черткем күүм ырларым,
Сага гана арналганын бил жаным.
Бакыттын бул мелт-калт толгон кесесин,
Эч бөксөртпөй ээлеп тургун жыргалым.
Комментарийлер (1)
hello.kg
2021-12-24 23:54:09
Соонун ырдаган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан