Айганыш Абдиева Аба ырайымсың

Жүктөлгөн: 21-01-2022
03:00
133.58 Мб
Айганыш Абдиева "Аба ырайымсың"
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Сен менин абадайымсың,
Жанымда сен ар дайымсың.
Бир ачык, бирде бүркөлүү,
Сен менин аба ырайымсың.

Кээде муздак,кээде супсак,кээде күйгөн оттойсуң,
Кээде күнсүң ,кээде түнсүң ,кээде кызыл чоктойсуң.
Кээде жамгыр,кээде бурчак, кээде карга айланып
Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимге окшойсуң??

Сен менин абадайымсың,
Жанымда сен ар дайымсың.
Бир ачык бирде бүркөлүү,
Сен менин аба ырайымсың.

Кээде жазсың, кээде күзсүң, кээде ысык жайдайсың,
24/7 оюмду сен өзүңө байлайсың.
Бирде айсың, бирде күнсүң, кээде көктө жылдыздай
Өзү кимсиң, түшүнө албайм, деги кимсиң , кандайсың??
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан