Алмаз Аман Жан биргем

Жүктөлгөн: 04-09-2025
02:54
38.73 Мб
Алмаз Аман "Жан биргем"
Сөзү : Эрнис Тумонбаев
Обону : Арслан Садыбакасов
Сени эстесем бүт санаадан арылам,
Сени эркем куса болуп сагынам.
Ашыгым билсең,асылым бир сен!

Сени ойлосом мен бакытка чөмүлөм,
Селдей агып жамгыр болуп төгүлөм.
Арзыганым сен,арзуумду бил сен!
____________________________
Көздөрүң мөлтүр акактайым,
Күн дагы сен деп батат дайым.
Сен сезсеңчи?Эркем деги.
Карегиң мончок карагаттай,
Каралдым кетпе жаралап ай.
Жүрөгүмдү, билсең сүйөрүмдү



Жан биргем жашыл жазым менин,
Жандүйнөмдө жанып сезим.
Жароокерим мага жагат жылмайганың!
Жан биргем аткан таңым менин,
Жактырамын жаным сенин.
Жазым ойлорумда өзүң дайыма.

Өзүң барда өмүр таттуу сезилет,
Балкып жүрөк бал сыңары эзилет.
Болбочу күмөн, өзүңдү сүйөм!

Сен жылмайсаң уячаңдан бал тамат,
Сен күлгөндө күн да сенден жалтанат.
Күндөйүм менин, күлкүңдөн сенин!
_________________________
Көздөрүң жайнап күлүп турат,
Көздөрүм сени сүйүп турат.
Кара көзүм,кара көзүм!
Карегиң оттой күйүп жанат,
Жүрөгүм сен деп күйүп барат.
Жашыл жазым,менин сагынарым!
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан