Гүлназ Чыныбек кызы Апа сени көргөнү келдим

Жүктөлгөн: 25-09-2025
04:07
- Мб
Гүлназ Чыныбек кызы "Апа сени көргөнү келдим"
Бар дүйнөнүн баарынан качып
Баратамын өзүңө шашып
Тосуп алчы кучагың ачып
Апа сени көргөнү келдим

Бүтпөйт экен тирүүлүктө иш
Көздү жумуп ачкыча күз кыш
Мээримиңе миң ирет алкыш
Апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим

Бул өмүрдө баарысы жалган
Жүз каалоонун токсону арман
Менде убакыт сенде жок дарман
Апа сени көргөнү келдим

Түйшүк тартпа керек эмес чай
Өзүң барда көңүлдө жаз жай
Кызың чексиз бактылуу да бай
Апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим

Жолум тосуп кел кызым дейсиң
Жакшыларга эл болгун дейсиң
Акылманым көлдөй го пейилиң
Апа сени көргөнү келдим

Сен гүлзарым сенсиң жакыным
Күндө келүү парзым асылым
Башымды ийип таазим кыламын
Апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим

Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы (https://super.kg/mediaportal/audio/296212)
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан