Роза Шакирова Үйлөнүү той

Жүктөлгөн: 24-03-2009
04:07
63.45 Мб
Роза Шакирова "Үйлөнүү той"
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Үйлөнүү той кандай сонун,
Кандай сонун буюруганга.
Буюрубаса не кыласың?
Не кыласың айла канча.
Үлпөт тоюң бүгүн сенин,
Бүгүн сенин үлпөт тоюң.
Бирок жарың мен эмесмин,
Мен эмесмин жарың башка.

Кайырма:
Ий, кечир садага,
Ай, түшүнчү мага.
Бара албаймын мен тоюңа,
Таарынбачы, жаным мага,
Кантип чыдап олтурамын,
Кантип ырдайм мен тоюңда,
Түшүнчү, жаным, садага,

Чакыруу кат алып келдиң,
Алып келдиң бүгүн мага.
Көздөрүңдөн көрүп турдум,
Көрүп турдум кайгы-капа.
Баргының деп сен сурандың,
Сен сурандың тоюңарга.
Бирок, жаным, бара албаймын,
Бара албаймын мен тоюңа.
Комментарийлер (57)
Асанбеков
2010-03-23 22:57:02
Уну аябай жагатта бул ырчынын! озу дагы!!
0
ЖАМАЛ
2010-06-09 01:30:51
Бул эн сонун жазылган.Клип да ырга дал келген.Негедир бул ырды укканымда,спорттун чебери,депутат,кыргыздын зр азаматы маркум Кадыралиев Санжар акени эстей берем...Бул ырды кынылдап ырдап калчу...
+1
АйГа
2010-06-09 18:27:32
Жакты аябай!
Роза эже, сиз абдан сонун ырчысыз!
0
Akyikatchy
2010-08-14 11:37:02
Турмуштун накта озунон алынып жазылган мыкты текст , зор обон , кубулжуган ун !!! Баарынарга рахмат ! Ички дуйномду аралап ойго салды...
0
Vesnushka
2010-08-31 05:56:11
кандай сонун ун!
0
artelow
2011-04-07 17:10:52
ушундай жакшы ырдайсыз, кайра кайра эле угуп отура берем...
0
a1992
2011-04-10 04:35:26
klip en sonun!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
RespecT
2011-07-08 03:58:20
Все прекрасно из вас критики ни какие
0
akkuu
2012-01-25 13:05:34
сонун ыр клип дагы сонун
0
Maxa90
2012-09-22 17:01:40
Yrdyn sozu menin jawoomdon alyngandai ele boluptur... Azamatsyz, Roza eje.
0
Gulzat-88
2012-10-21 14:09:00
ушул ыр жагат мага аябай жагат.маркум Санжар Кадыралиев сонун жазган.Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко болсун!
+1
admin_superstan
2014-06-30 10:43:48
pamiralai, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Сайттын башка колдонуучусун мазактоого жол жок! 3 күн БАН!
0
suyom_seni
2014-08-15 11:22:15
Бүгүн сенин үлпөт тоюң.
Бирок жарың мен эмесмин..... кандай азап суйгонун эми башка жандыкы..
0
bemka.703
2016-12-21 18:20:50
Эн сонун. Роза ушунчалык сонун ырдаган, жан дуйнонду козгойт. Молодец.
+1
kadamjai1977
2016-12-22 20:29:49
Клип соонун тартылган супер.
Супер инфо ушул клип тууралуу кенениреек маалымат бере аласынарбы? Мисалга клипте ойногон кыз тууралуу или Роза менен кантип байланышсак болот алдын ала чон рахмат дуйнонун булун бурчуна маалымат жеткирип турганынарга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан