Добр
"Тагдыр"
Сөзү : Добрдуку
Обону : Добрдуку
Кайырма:
Арманда калган бала, балада болгон санаа,
Тагдыр тайкысын кара, жок эми кылар арга.
Көзүнө жаш алып, кусалыкка батып,
Жаш бала, жаш бала.
Темселеп, тегеренип көчөнүн караңгы түнүндө,
Тепселеп, көрүнгөн жерди бала үйүнө көрүнбөй.
Кечир ата, кечир апа, чыгып кеткениме үйдөн,
Тажадым апоо, мас атамдын сүрүнөн.
Түгөнбөй жатат жолум, кайда алпарарын билбейм,
Ай жарык түнү жолум, упузун, килтейген.
Жетелеп алып колумдан экөөңөрдүн ордуңарга,
Өңөрүп алгансып тагдыр келечегимди жонуна.
Бала кетип бара жатат, арканы карабай түндө,
Улам эстеп атасынын арак ичип жатканын үйдө.
Баргысы келбей үйүнө, көрүнгөн жерде түнөдү,
Үргүлөп, илинип көзү, бир маалда үйүн түш көрдү.
Көрдү апасын түшүндө, өзү менен төркү үйүндө,
Отурганын чай ичип экөө, дасторкон үстүндө.
Жылуу төшөгүн жамынып, уйкуга баткан маалда,
Эшик ачылды, атам кирип келди мас абалда.
Кайырма:
Арманда калган бала, балада болгон санаа,
Тагдыр тайкысын кара, жок эми кылар арга.
Көзүнө жаш алып, кусалыкка батып,
Жаш бала, жаш бала.
Апамдын ооруганы аз келгенсип, ага асылды,
Көрүнгөн нерсенин баары ырыскы менен чачылды.
Ызы-чуу кайнап турган кези, кыйкырык бөлмөдө,
Колумдан келбеди колунан тартып бөлгөнгө.
Баланы арыны көздөй жулмалап түртүп салды,
Чалынып барып бала дубалга жабышып калды.
Карачы жашоону, арак адамды эмне кылганын?
Атам түшүнбөй калды кантип ага кабылганын.
Ошонун айынан бала жүрөт көчөдө темселеп,
Келечек менен бактысын жер менен кошо тепселеп.
Кез келет, баары токтойт дегенге ишенбей калды,
Апасы менен баласы үмүтүн үзүп салды.
Сагындым сени атоо, ичпеген соо кезиңди,
Көздөрүндөгү жашынан кусалыгы сезилди.
Баланын жүрөгүндө бир гана шам күйүп турду,
Үйгө караганда көчө тынчыраак болуп угулду.
Кайырма: