Тата Улан Баары бир

Жүктөлгөн: 19-05-2009
03:26
54.29 Мб
Тата Улан "Баары бир"
Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы?
Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы?
Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы?
Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы?
Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы?
Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы?
Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды,
Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды.
Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон,
Касиетин жоготкондор саман-саман толгон.
Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон,
Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн.

Кайырма:
Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир,
Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир.
Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир,
Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир.
Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир,
Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир.
Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир,
Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир.

Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы?
Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы?
Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы?
Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды.
Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы?
Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы?
Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы?
Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды!
Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык,
Акча жуучу кир машине Мексика шайландык.
Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык,
Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык.

Кайырма:
Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр,
Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр.
Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр,
Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр.
Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн,
Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн!
Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн,
Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң?
Элин баккан жигиттердин казынасы толсун,
Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун.
Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун,
Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!
Комментарийлер (143)
meka
2010-08-18 12:26:36
Мааниси аябай жакшы.
Бирок сиздин Алтайга кеткениниз мага жакпай калды, Манастын арбагына сыйынам деп, мен сизди исламды жакшы тушунот деп ойлоп жургом. Исламда Аллахтан башка нерсеге сыйынуу, же Аллахка шерик кошуу эн чон куноо. Арбак колдобойт, ал кайра бизге, биздин ага арнап окуган Кураныбызга муктаж. Аллах колдосун!
+1
Konok
2010-09-09 20:12:49
Ырдын созу,мааниси укмуш экен.Клиби да ырына маанилуу режисерго+5 баа берем.ТАТА Улан нукура патриот кырыз бала экен"создорумо тушунбосон чын журоктон баары бир"саптар абдан жакты башка ырларына да ушундай мыкты клип тартса жакшы болмок
+1
kyrgyzymdynuulu
2010-10-18 21:47:02
meka сиз туура айтасыз бир чети, бирок Тата Улан ал жакка Манас атабыздын рухуна сыйынганы эмес осуятын аткарганы кеткен болчу.
+1
Nargo
2010-10-30 11:05:46
Тата Улан, данк жана дунк, ырыныз жан дуйнону диркиретип, когойду ойгон элибиздин жашоого болгон мамилесинин ар тарабын чагылдырган! ушул толгонуулар бутун кыргызыма "баары бир" болбогондо гана бутка турсак керек!
0
tamazano
2010-10-31 02:32:50
tuuura aazyrky jashoonu yrdagan jakshy yr ayyyabay jakty chem nelya menen urmattyn yrlaryna karaganda maaniluu
0
Romantic
2010-12-22 00:45:53
A maga baary bir emes)))owo u4un jakty da maga)))
0
aichurek
2011-01-16 16:06:09
абдан сонун, маанилуу,жеткиликтуу экен!
0
gangster
2011-01-22 23:12:32
качан кочуруп алса болот?????
0
jalyn
2011-02-15 12:16:23
Tata bratan krasav4ik!!!! respect!!!
0
jalyn
2011-03-06 16:07:10
e norm le ka4aietsya je! vy 4e tam pontite lyudi!!! vooobwe! a tak tata bratan krasav4ik!
0
opposite
2011-07-14 15:56:40
суупер, respect сизге! бирок мага деле баары бир :))
0
risbek_4
2011-07-18 23:07:38
мага деле бааарибир
0
boke
2011-09-14 11:02:52
baribirda saga ulan bashka emne klalasyn e
0
Xan
2012-11-01 18:30:31
сонун ыр,клипте эч кандай ашыкча нерсеси да жок!
0
angel.2012
2013-04-19 20:04:40
жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан