Добр Кыргыз

Жүктөлгөн: 27-05-2009
03:46
23.05 Мб
Добр "Кыргыз"
Сөзү : Добрдуку
Обону : Добрдуку
Өзгөчө нерсенин баары, өлкөнүн өрчүгөн жагы,
Өзгөчө нерсенин баары өлкөбүздүн мен жараны.
Келечегимдин элеси мен үчүн өзгөчө нерсе,
Кыргызым өзгөрүп кетсе, кетсе өзгөрбөсүн терске.

Жашоонун баркын билем кудай аны мага берген,
Деле сонун тилим бар жеке кыгыз тилим менен.
Желбиреген желегимдин жеке менчик гимни бар,
Дүйнөлүк картадан табас мага чакан жерим бар.
Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз,
Алакандай тууганым бар, улуу кыргыз мына биз.
Таразанын оң жак бетин көбүрөөк байлык басат,
Анын баарын чубап көрсөң эки көзүң кычышат.
Келиңиз өтүңүз төргө уялбаңыз суранам,
Конокту тосуу милдетим алыңыз беш бармактан.
Суусасаңыз бозо, жарма, кымызды сизге сунам,
Сый урматта мейман тосуу атадан бизге калган.

Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,

Көлөкөдө жашынбайбыз , көкөлөп мактанбайбыз,
Өзгөчө бир башкачабыз , өсүп келе жаткандарбыз.
Азырынча көчө элекпиз жайлоо тоонун бетиндебиз,
Жакында чоң той беребиз , эгемендүү мамлекетбиз.
Эки тоонун этегинде Ысык-Көлгө келдиң беле
Адыр , адыр жайлообузда күлүк атка миндин беле
Сугу ашкан башкалардын Сулайман тообуз жатат
Жымындаган жылдыздарга чокусу жетип барат
Жүрөгү аттуу Бишкегим , Кыргызстандын борбору
Жүгүнөмүн жети жолу , жети жагынан тосуп
Таласты көздөй аттасаң, Манас күмбөзүн табасың
Нарынды көздөй жактасаң, Ташрабаттан адашасың
Жалал-Абад жакты көздөсөң Сары-Челектен өтөсүң
Кыскасы өз көзүң менен көрөрүң менен өчөсүң.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу ,Чу

Эскертем, эске салайын, нукура кыргыз баламын,
Колдошун билем ар дайым арбагы Манас атамдын.
Басканым аскадай тоонун чокусунда чоңойгомун,
Манасчы чечен боломун комузду мендей ойногун.
Тепкеним элден өзгөчө күлүк атыма бөлсөчү,
Кыргыз менен ат чабышып, улак тартышып көрсөңчү.
Көчмөнүм аттуу кыргызмын кыялым бөрү баатырмын,
Акыл карачач энемдей акылдуунун катарымын.
Эч кимде жок бар калпагым же тебетейим жагабы?
Жамынып турган чепкеним териден жасалган нагы.
Алтыным бар, күмүшүм бар, кыргызым байдын баласы,
Кыргызстан аттуу үйүм бар асылың жерден табасың.
Ал эми көңүл буралы өрүлгөн чачтуу кыздарга,
Айымдай өзгөчө сулуу кылымдан кылымга нары.
Кыргызымдын жигиттери кыз ала качуу дегенде,
Кырк чоросун ат чаптырып кызынын жашы жеткенде.

Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,
Комментарийлер (46)
adilbek cech
2009-12-08 01:22:42
vot takix bi patriotov nam po bolwe!
0
Токуш
2010-03-10 16:12:02
super dobr. talantyna talant koshulsun ak jol alla jar bolsun.
0
Akjol
2010-05-13 05:31:29
Норма ырда угале беретурган экен
0
melay
2010-07-21 11:34:20
Молодец, чыныгы Эркексин.
0
albars
2010-10-31 13:50:08
клиптин башындагы Манас айтып отурган дегенератты алып эле койчу досум. ал деген кыргызды еврейдин баласы деп атат, биздин элди ыдыратканы келген миссионер ал!!!
0
coolcool
2010-11-28 14:37:26
super
0
Talgat88
2011-01-31 09:44:09
Blin krasavchik Dobr ,
0
coomart
2011-03-14 20:30:36
azamatsınn brat
0
jansezim26
2011-07-02 13:52:06
крассавчик бро.!100%патриот!наша гордость!
0
emil
2011-07-14 22:57:09
Азаматсын +10Сага
0
smbek
2011-08-21 00:27:56
azamatsyn DOBR!!!
0
Tarkan
2011-10-21 00:13:27
ыр мындай экен клиб тигиндей экен дебейм мен. кыргыз деп ырдаганына ыраазымын. Силер Кыргызстанда жашап кыргыздын, Кыргызстандын барккын билбей жатасынарда.
0
Bakit
2011-11-04 18:25:04
Dobr molodes. ir4i katari maga ayabay jagasin. koro albay ar kaysini jazgandarga konul burba tek gana alga. kirgizdin sendei balasin az.
0
Chromstyle
2011-11-05 03:09:56
молодец супер
0
Adi_137
2012-06-10 04:54:56
Super
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан