Керим Турапов Туулган жер

Жүктөлгөн: 04-02-2011
03:53
61.08 Мб
Жанр: Ретро
Керим Турапов "Туулган жер"
Сөзү : К. Тураповдуку
Обону : К. Тураповдуку
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңан,
Ата журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.

Коңур дөбө, жайлоо жашыл төр,
Коңур желдүү салкын асыл жер.
Кокту белес күңгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.
Комментарийлер (8)
super
2011-02-04 21:34:21
Үнү техникалык себептерден улам акырын болуп калыптыр. Оңдогонго мүмкүнчүлүк жок беле?
+1
minas
2011-02-10 15:26:04
Ugu koi jon ele
+1
Mirzhan
2011-04-05 19:54:58
kandaj kana sezimderdi jaratat! en sonun yr. en sonun obon!!!
+1
Iblis
2011-11-04 06:01:48
Sonun ir
+1
uuraan
2012-03-03 11:37:00
керим Тураповдун "бирге жигит жоо журот, бирде жигит тоо минет" деген ырын ыргытып койгулачы сураныч
+2
koshmatov
2012-06-07 11:30:31
сонун ырдаган
+3
yalegenda
2013-08-03 01:11:59
аябай сонун ыр да тим эле журогум элжиреп кетет
+1
Abdi81
2013-08-10 21:43:10
uuraan Керим Тураповдун "бирде жигит жоо журот бирде жигит тоо минет " деген ыры "наасат ыр" деп турат супер инфодо угуп корсон ушул эле разделде !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан