Кадыралы Артыков Барам сага

Жүктөлгөн: 14-02-2011
04:12
170.86 Мб
Жанр: Ретро
Кадыралы Артыков "Барам сага"
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Кадыралы Артыковдуку
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтүп төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага.
Комментарийлер (14)
Asek
2011-02-14 20:31:03
А дейбиз, бу дейбиз, бирок Совет доорунда бир топ эле өстүк. Анткени тынчтык болду. Эч нерседен коркподук. Билим алдык. Светтик баалуулуктарды сактадык. Азырчы? Тытышып эле жатып калдык. Туш-туштан кызыккандар арбыды. Жаштар сынчыл пикир менен ойлонбой калды. Башын ачып карасаң эле динден башка таппайсың. Чоңдордукун ача селсең жалаң акча.
+2
Мэри
2011-02-15 16:53:06
Cонун ыр! Менин жакшы коргон ырларымдын бири.
0
Erkiwa
2011-02-17 04:06:01
мм жакшы эски ыр
0
Mellisa
2011-02-17 17:20:25
iiii sonun urlardun biri da,uksan,baktiluu, tunch,tok jashoodo jashap jatkanday bolup ketesin,keremet jashoo kachan kelet?je kelbeibi, ushintip ele biri biribizdi baalabai, suilabay jyro berebizbi?
+1
kosya700
2011-02-19 12:46:26
эх ата.... кыргызымдын жан эргиткен ырларынын бири.
+1
JET
2011-02-21 18:40:12
Жакшы эски ырлардын бири.
0
senior
2011-03-10 20:37:48
Унунузго соз жок, аябай жакшы кором ушул ырды.
+2
Mikolas
2011-04-19 12:06:35
полный отпад. Слов нет. красивый голос. Но есть некоторые недостатки. Пение кривое...не соответствует песни. Необходимо потренироваться.
-1
Kamilacan
2011-06-21 14:35:39
Журокко ото жакын ыр.Бар болунуз Кадыраалы ака.
0
melissa
2011-11-20 19:07:25
жакшы ыр.кыргызстанды сагынып ой басып отурганда коп угам.
0
ainura220888
2011-12-31 04:11:06
Менин жердешим биздин айыл Кадыраалы Артыков Эркин Каимовдор менен сыймыктанабыз. Бар болгула биздин сыймыктар.Кадыраалы акенин Досторго деген ырын жуктонуздорчу суранам
+1
smailik
2012-02-14 14:27:18
Кадыраалы Агай чынында ото таланттуу инсан! ото сыйлайм, жана колунан сабак алып кеткем, а ырына келсен ото маанилу жана уккулукту. Таазим этем Кыргызстандын эмгек синирген артисине.
+1
durusbekovna
2012-06-14 17:08:59
Кадыраалы агай мене Боромбаев Бакыт аке ушул ырды катырып ыйдайт. Бакыт акенин уну да укмуш.
Аксылык карындашыныз
0
kuntai
2012-11-06 04:23:34
uwul yrdyn mp3 variantyn juktop koigyla4y suranam kop kop atam jattaim dep jurgon yr
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан