Саламат Садыкова Ак кайың

Жүктөлгөн: 09-03-2011
02:54
46.42 Мб
Саламат Садыкова "Ак кайың"
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.

Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ах сүйүү, сенин көзүң жок.

Жылдызын көктөн каратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?

Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Айтылган сөзгө турбаган
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.

Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.

Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.
Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
Комментарийлер (4)
ymyta
2011-03-10 14:17:12
Саламат САдыкованы сыйлайм.Абдан жакшы ырдайт.Озун дагы жакшы алып журот.Кел бетин журуш турушун.
0
Mellisa
2011-03-12 22:47:34
Salamat eje,Kyrgyz Uluttuk kiimin kiip urdasa dagu sonun achup koiot.Urlaru baaru sonun.
0
kolduk-kyz
2011-03-19 06:55:05
men kichine kesimde korgondo kandai bolso Salamat eje dagy ele oshondoi.Ubakty otkon mn Salamat eje osgarbaoit oshol boidon supsuluu
0
moinok
2011-09-25 17:06:24
Саламат эже озун кандай алып журушту билет.Суйлогондору да орундуу.Уну эч кимдикине окшобойт. Ийгилик каалайм!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан