Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Тааныбадың, кесе бастың жолумду,
Аста, секин, колукту.
Өтүп кеттиң кара, кундуз чачыңа,
Бекем байлап жоолукту.
Мурда болсо токтойт элең жаңылбай,
Аттиң, арман, калган окшойм таанылбай.
Эски дарттар баштадыбы жорукту?
Көкүрөктү оорутту.
Кайырма:
Ала-Тоодо гүл элең, байчечек,
Ачыла элек бүр элең, байчечек.
Жамгыр элең жазда төгүлгөн,
Жазыла элек ыр элең.
Мага сырдаш түн элең, байчечек,
Жарык чачкан күн элең.
Башкадайсың, такыр башка, башкадай,
Көздөрүңдүн сурмасы.
Кайтпас жакка учкан тура шондо эле,
Сүйүүбүздүн турнасы.
Шол кездеги ак сүйүүлөр маралдай,
Азыр калды Арал болуп каралбай.
Эми алар тагдырымдын муңдашы,
Арманымдын курдашы.
Кайырма:
Ала-Тоодо гүл элең, байчечек,
Ачыла элек бүр элең, байчечек.
Жамгыр элең жазда төгүлгөн,
Жазыла элек ыр элең.
Мага сырдаш түн элең, байчечек,
Жарык чачкан күн элең.