Аскат Мусабеков Аруузатым

Жүктөлгөн: 19-05-2011
04:26
67.26 Мб
Аскат Мусабеков "Аруузатым"
Сөзү : Э.Иманалиевдики
Обону : Э.Иманалиевдики
Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:

Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кетелекте бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.
Комментарийлер (88)
koshmatov
2012-04-10 20:05:20
Эн мыкты ыр Аскат байке чыгармачылыгынызга ийгилик мынданда жакшы ырларынызды кутуп калабыз
0
take41
2012-04-18 15:17:03
Карындашым кагылайын, кагылайын мага бир жолук.
Ушинтип сыздап издеп жүргөндөр толтура, ошолордун жүрөгүнө тийдиң го Аскат браво!
+1
kyrgyzshaa
2012-04-26 23:05:50
сонун ыр екен бизге жакты
+2
Rusbubu
2012-04-27 13:03:48
Клип супппер+100
+1
kabylov.u
2012-05-29 17:53:35
менин тагдырымды суроттогонсун.бали!осо бер!
+1
video_kg_2012
2012-11-11 22:54:13
+1000000
+1
Mergen
2012-11-29 11:49:20
Элмирбектин бут чыгармаларын сайтка чыгаргыла
0
admin_AGAT
2012-11-29 12:49:13
Mergen, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
esenin
2013-02-15 20:38:36
мыкты ыр !!!
+1
tokmok1
2013-08-23 03:25:28
вот бул ырына кеп жок 3 жарым жаштагы кызым ырдайт бул ырды
+2
Fotograf
2013-11-10 11:01:06
Аскат ырына чоон РАХМАТ! Ырдын мазмуну аябай жакшы экен, бул ыр менин досум Медерге арналып жазылып калгандай, досума айтарым Аскат ырдагандай "-Бир уу жылан солйоп отуп суйумон, бир заматта ойром болгон дунуйом дегендей "АРУУЗАТЫНА" тез аранын ичинде кайтып келишине тилектешмин. Аскаттын ишине игилик-омурун узун болсун. Ушундай супер чыгармаларды ырдап журо бер...
+1
SOLITARY
2013-11-11 00:30:27
Менин кызым абдан жакшы корот..аты да Аруузат деп койгон элек
0
nurali20
2013-11-26 18:36:32
Бул ыр ырдалып баштагандан бери угуп келем.Аскат азамат +5!
+1
nurali20
2013-11-26 18:41:34
ырга узун омур,Асхатка ийгилик!!!!!!!!!!!!
0
nurik838383
2013-12-02 18:03:20
угармандар текстине жакшылап конул бурсанар чынында жакшы жазылган, обонуна шайкеш келген
0
Murok
2014-06-14 07:30:29
браво азаматсын аскат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан